ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Жоголгон түрк окумуштуу бир жумалык издөөдөн кийин АКШнын миграция камагынан табылды
Үй-бүлөсү Канадага карата уюштурган нааразычылык жүрүшүндө кармалган Фуркан Дөлекти табууга жардам берген түрк бийликтерине ыраазычылык билдирди.
Жоголгон түрк окумуштуу бир жумалык издөөдөн кийин АКШнын миграция камагынан табылды
Фуркан Долек Канадага карай басып барып, нааразылык билдиргенден кийин кармалган. Анын LinkedIn баракчасындагы акыркы жазуусу 27-августта жарыяланган. (Сүрөт: LinkedIn) / Others
4 Сентябрь 2025

Бир жумадан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан түрк окумуштуусу Фуркан Дөлек Нью-Йорктогу Буффало федералдык кармоо борборунан табылганын түрк дипломатиялык өкүлдөрү тастыктады.

Дөлектүн эжеси Эсра Дөлек Жошкун Анадолу агенттигине берген билдирүүсүндө инисинин кайда экендигин аныктоодо жардам берген Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жана Нью-Йорктогу Түркиянын башкы консулдугуна ыраазычылык билдирди.

“Өзү менен телефон аркылуу сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүм болду. Жакшы экендигин айтты”,- деген Жошкун үй - бүлөнүн негизги максаты Дөлектин кыска убакытта Түркияга кайтып келиши экендигин айтты. Консулдуктун абалды жакындан изилдегендигин жана үй - бүлөгө маалымат берип тургандыгын да кошумчалады.

‘Илимий мекемелердеги эмгек эксплуатациясы жана мыйзам бузуулар’

АКШ визасы жокко чыгарылганы айтылган Дөлек, нааразычылык иретинде Канадага карай жөө жүрүшү учурунда кармалган.

27-августтагы LinkedIn'деги акыркы постунда : "Мен Массенадан бери басып өттүм жана азыр Аквасаснедемин... Абдан чарчадым, бутум ооруп жатат, бутумда ыйлаакчалар пайда болду. Бирок бул жерге келе алганыма ыраазымын", - деп жазган.

Окумуштуу буга чейин LinkedIn аркылуу илимий мекемелерде эмгек эксплуатациясы жана мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап, аялуу изилдөөчүлөрдүн корголбогонун жана кабарчылардын куугунтукка алынганын айткан.

Ал расмий арыздарды бергени үчүн жазаландырылып, жумуштан бошотулганын да билдирген.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us