ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия жаңы учак конуучу кемеси менен Франциянын "Шарль де Голль" аттуу кемесинен ашып өтүшү мүмкүн
Францияда чыккан бир кабарга караганда Түркия өнүккөн деңиз конструкциялары менен чоң учак конуучу кемелерди курууга жөндөмдүү аз сандагы өлкөлөрдүн катарына кошулууда.
Түркия жаңы учак конуучу кемеси менен Франциянын "Шарль де Голль" аттуу кемесинен ашып өтүшү мүмкүн
/ AA
3 Сентябрь 2025

Франциянын “Le Figaro” гезити жаңы Улуттук учак конуучу кемеси менен Түркиянын деңиздеги мүмкүнчүлүктөрүнүн француз учак конуучу кемеси “Шарль де Голлдон” да ашып түшүүгө даяр экенин жазган.

Шейшемби күнү жарыяланган макалада президент Режеп Таййип Эрдогандын өткөн жумада дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTте Улуттук учак конуучу кемеси долбоору тууралуу расмий билдирүүсү орун алды.

“Ири долбоор” деп мүнөздөлгөн Улуттук учак конуучу кеменин узундугу 285 метр, кеңдиги 72 метр жана 60 000 тоннадан ашык салмакта болору белгиленип, Le Figaro гезити: «Бул кеме узундугу 261 метр жана салмагы 42 миң 500 тонна болгон Жер Ортолук деңизинин флагманы француз Шарль де Голлдон ашып өтөт», - деп жазды. Макала өзгөчө Түркиянын бул жаңы долбоор менен деңиз коргонуусунда күчтүү таасир жаратууну максат кылгандыгын баса белгиледи.

MUGEM (Улуттук учак конуучу кемеси) 2027–2028-жылдары деңизге түшүрүлүшү жана 2030-жылга чейин кызматка кириши күтүлүүдө. Кеме аскердик учактар менен өнүккөн учкучсуз учуучу аппараттарды (SİHA) ташыйт.

Кабарда бул кеменин Түркиянын биринчи жергиликтүү долбоорлонгон жана курулган учак конуучу кемеси болоору жана өлкөнүн деңиз мүмкүнчүлүктөрүндө алдыга карай маанилүү бир кадам болоору белгиленди.

Түркия “тандалма” учак конуучу кемеси клбуна кошулууда

MUGEM долбоору Түркиянын Жер Ортолук деңизиндеги жана дүйнөлүк деңиз сахнасындагы ордун бекемдөөнү максат кылууда.

"Le Figaro" инженер-лейтенант Айкут Демирезендин билдирүүлөрүнө таянып, кеменин өнүккөн гидродинамикалык дизайнынын аркасында Түркия менен Нью-Йорктун ортосунда күйүүчү май куйбастан саякаттай аларын билдирди.

Эсептөөлөргө ылайык, кемнин корпусу күйүүчү майдын сарпталышын болжол менен 1,5 пайызга азайтып, кеменин иштөө натыйжалуулугун жогорулатат.

Кеме болжол менен 50 учакты, анын ичинде дрондорду жана истребителдерди ташый алат.

Батыш өлкөлөрүндөгү учак ташуучу кемелерден айырмаланып, MUGEM эң башынан эле KIZILELMA жана ANKA 3 (төмөн жашыруун, ташуучуга шайкеш, реактивдүү кыймылдаткычтар) сыяктуу учкучсуз учуучу аппараттарга шайкеш боло тургандай долбоорлонот.

MUGEM ошондой эле HÜRJET аттуу түрк үн ылдамдыгы менен өнүккөн реактивдүү машыктыруучу жана жеңил аскердик учактарды кабыл алат, анын компоненттеринин 80%дан ашыгы ата мекендик өндүрүштө жасалган.

Макалада Эрдогандын бул долбоор тууралуу билдирүүлөрүнө да орун берилип, кеменин 231 метр узундуктагы учкучсуз учуучу аппарат ташыган амфибиялык чабуулчу TCG Anadolu кемесин да артта калтырарына көңүл бурулду.

Макалада: «Эгер график пландалгандай болсо, Түркия АКШ, Россия, Франция жана Кытай сыяктуу бул чоңдуктагы учак конуучу кемелерди өнүктүрө алган өлкөлөрдүн катарына кошулат»,- деп айтылат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us