ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сирия ПКК/ЙПГ террористтерине жиберилген курал-жарактарды колго түшүрдү
Дамасктын элетиндеги операция Сириянын түндүк-чыгышында өкмөттүк күчтөр менен террордук ЙПГ -ПKК көпчүлүгүн түзгөн SDG согушкерлеринин ортосундагы кагылышуулар күчөгөн маалда ишке ашырылды.
Сирия ПКК/ЙПГ террористтерине жиберилген курал-жарактарды колго түшүрдү
/ AA Archive
3 Сентябрь 2025

Сириянын Ички иштер министрлиги Дамасктын элет жеринде террордук уюм ЙПГ/ПКК (SDF) көзөмөлдөгөн аймактарга жиберилгендиги билдирилген курал-жарак жана ок-дарылардын бир партиясын колго түшүргөнүн жарыялады.

Министрлик шаршемби күнкү расмий билдирүүсүндө, Ички коопсуздук командирлигинин кылдаттык менен пландаштырылган операция жүргүзүп, ар кандай курал-жарактарды, анын ичинде РПО аткычтары менен орто жана жеңил куралдарды колго түшүргөнүн билдирди. Жүктүн ташыган унаанын айдоочусу да кармалды.

Билдирүүдө : «Тийиштүү органдар окуяга тиешеси бар бардык тараптарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу жана мыйзамдуу иш козгоо үчүн иликтөө иштерин баштады",- деп айтылды.

Министрлик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана улуттук эгемендүүлүктү коргоо боюнча өзүнүн милдеттенмесин кайталап, Сириянын коопсуздук күчтөрү өлкөнү туруксуздаштыруу аракетине каршы турууга ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Террордук уюм менен кагылышуулар

Операция Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен ПКК/ЙПГ террористтеринин ортосунда уланып жаткан кагылышуулар учурунда ишке ашты.

Мамлекеттик маалымат агенттиги САНА Сирия армиясынын жекшемби күнү Халептин чыгышындагы Тел Мааз айылына жакын жерде армиянын турумдарына кирүүгө аракет кылган топко буктурма куруп жана кагылышуу учурунда террористтердин жоготууга учураганын кабарлады.

САНА өкмөттүк булакка шилтеме жасап, Ум Тина айылында жана Дейр Хафер шаарында жайгашкан башка ПКК/ЙПГ террористтери камалып калган мүчөлөрүн куткаруу максатында Тель Мааздагы Сирия армиясынын позицияларын бомбалашты. Жеңил куралдан ок атуу менен башталган кагылышуулар, оор куралдар жана кошумча күчтөр менен уланды.

Чыңалуу Сириянын президенти Ахмед Шара менен ПКК/ЙПГнын лидери Фархад Абди Шахиндин ортосунда Сириянын түндүк-чыгышындагы жарандык жана аскердик мекемелерди, чек ара бекеттерин, аэропортторду жана энергетика инфраструктурасын мамлекеттик бийликтин астында бириктирүү боюнча келишимден кийин болду. Келишим Сириянын жеринин бүтүндүгүн жаңыдан тастыктаганына карабастан министрлик ПКК/ЙПГнын келишимди көп жолу бузганын билдирди.

24 жыл бийликте болгон режимдин лидери Башар Асад

2024-жылдын 8-декабрында бийликтен кеткенден кийин Сирия өкмөтү өлкө боюнча коопсуздукту калыбына келтирүү аракеттерин күчөттү.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us