Бейшемби күнү YouTube, Gmail жана Maps сыяктуу платформалардагы миллиондогон колдонуучуларга таасирин тийгизген үзгүлтүктөр тууралуу кабарлардан кийин Google кызматтарына кирүү калыбына келтирилди.
DownDetector аттуу мониторинг сайтынын маалыматына ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 (0700 GMT) чамасында үзгүлтүккө байланыштуу билдирүүлөр көбөйдү. Колдонуучулар Chrome жана Google Translate сыяктуу бир нече Google кызматтарына кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушту.
Үзгүлтүк болжол менен бир саатка созулуп, 0800 GMT чамасында калыбына келе баштады.
Түркиянын транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Өмер Фатих Саян үзгүлтүктү ырастап, мунун Түркия жана Европанын көпчүлүк бөлүгүн камтыганын билдирди.
Фатих Саян Google, Android жана ага байланыштуу кызматтар Түркия менен Европаны камтыган үзгүлтүккө учураганын айтып: “Кибер инциденттерге каршы күрөшүү боюнча улуттук борборубуз Google компаниясынан үзгүлтүктүн себеби боюнча техникалык отчет талап кылды. Биз бул кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз,” - деп кошумчалады.
Google үзгүлтүктүн себеби боюнча азырынча комментарий бере элек.
“Үзгүлтүк 7:10 GMTде башталып, бир саатка созулду. Бул убакыт аралыгында Түркия, Болгария, Греция, Грузия, Хорватия, Сербия, Армения, Румыния, Нидерландия, Германия жана дагы 38 өлкөдөн билдирүүлөр алдык,” - деп жазды Outage Report аттуу мониторинг сайты.
Кээ бир колдонуучулар үзгүлтүк учурунда Spotify'га кирүүдө да көйгөйлөр болгонун маалымдашты.