ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский Россиянын Украинанын Европа Биримдикке өтүү жолун кабыл алганын айтып Венгрияга кайрылды
Украина президенти Москванын Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө азыр да каршы чыкканына карабастан Путиндин Европа Биримдигине мүчөлүк боюнча берген белгилерин кубаттады.
Зеленский Россиянын Украинанын Европа Биримдикке өтүү жолун кабыл алганын айтып Венгрияга кайрылды
/ AP
6 саат мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын кеч болсо да Киевдин Европа Биримдигине мүчө болуу аракетин акыры кабыл алганын билдирди жана Венгрияны Украинанын сүйлөшүүлөрүнө каршы пикирин кайра карап чыгууга чакырды.

Украинанын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Зеленский Европа кеңешинин төрагасы Антонио Коста менен өткөргөн маалымат жыйынында: "Акыры Россиядан Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүгүн кабыл алганы тууралуу сигналдарды угуп жатабыз. Тилекке каршы бул чындыкты кечигүү менен кабыл алышууда",- деди.

Зеленский Москванын бул идеяга 2013 - жылдан бери каршы чыкканын эске салды.

Украинанын президенти : “Бирок эми Россиянын Европадагы башка чоң достору да муну угушу керек. Путин да нааразычылык билдирбесе айрым өлкөлөрдүн өзгөчө Венгриянын сүйлөшүүлөр тууралуу позициясы чындыгында таң калыштуу көрүнүүдө”,- деди.

Шейшемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин Пекинде Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен сүйлөшкөндөн кийин журналисттерге берген билдирүүсүндө Россиянын Украинанын Европа Биримдигине мүчө болушуна каршы эмес экенин айткан.

НАТОго мүчөлүккө каршы чыгуу

Бирок Путин Москванын Киевдин НАТОго кошулушуна каршы чечкиндүү позициясын сактап калганын билдирди.

Путин Россия эки институттун ортосунда айырмачылык бар экенин баса белгиледи: НАТОну түздөн-түз коопсуздук коркунучу катары көрсө, Европа Биримдигин экономикалык жана саясий блок деп мүнөздөдү.

Путин дагы бир жолу 2014 - жылы Украинадагы саясий өткөөлдүн Батыш колдогон бир сокку экендигин айтты.

Украина Европа Биримдигине мүчөлүккө расмий түрдө 2022-жылдын февраль айында, согуш башталгандан көп өтпөй арыз берген жана ошол эле жылы талапкер статусун алган.

Кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр Венгриянын Киевдин талапкерлигин илгерилетүү боюнча кадамдарга вето коюусу, анын ичинде ЕБ ичиндеги пикир келишпестиктерден улам токтоп калган.

Зеленский Киевдин европалык өнөктөштөрүнөн толук колдоо күтүп жатканын айтты.

Владимир Зеленский : “Бардык союдаштарыбыздын жана бардык Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн

"Биздин бардык союздаштарыбыз жана Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү бир добуштан сүйлөшүүсү абдан маанилүү. Европага жол – бул биздин элдин тандоосу жана ал сыйланышы керек," - деди ал.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us