ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын мурадгы президенти Жо Байден тери рагынан улам операция болду
АКШнын сексен эки жаштагы мурдагы президенти простата безинин рагы диагнозу коюлгандан бир нече ай өткөндөн кийин жараларды алып салуу үчүн Мохс операциясын жасатты.
АКШнын мурадгы президенти Жо Байден тери рагынан  улам операция болду
/ Reuters
3 саат мурун

Бир катчы АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин терисиндеги рак жараларын алуу үчүн Мохс операциясы болгонун бейшемби күнү CNN каналына билдирди.

CNNдин кабарына караганда процедуранын так күнү билдирилбестен интернеттеги видеолордо 82 жаштагы Байдендин чекесиндеги жара изи байкалды.

Мохс хирургиясы – бул теринин жука катмарлары алынып, микроскоптун астында изилденген, рак клеткалары калбай калганга чейин жасалган техника катары билинет.

Бул ыкма жалпысынан бет жана кол сыяктуу сезимтал жерлерде кайталанган же ылдам өсүп жаткан жаракаттар үчүн колдонулат.

Байденден буга чейин 2023-жылы кызматта турганда көкүрөгүнөн базалдык клетка карцинома алынган.

Ал кезде Ак үйдүн дарыгери Кевин О'Коннор "бардык рак ткандары ийгиликтүү алынды" деп билдирип Байдендин "дерматологиялык көзөмөлүнүн улантыларын" белгилеген.

Мурдагы президенттин май айында сөөктөргө жайылган простата безинин рак оорусуна чалдыкканы аныкталган. Ошондон бери Байден ооо аркылуу дарылануунун баштап оптимисттик маанайын сактап келет.

Байден CNN теле каналына берген билдирүүсүндө : "Муну жеңе аларыбызды күтүп жатабыз. Кандайдыр бир органда эмес, сөөктөрүм бекем, ичине кире элек. Ошондуктан өзүмдү жакшы сезип жатам", - деди.

Байдендин физикалык ден соолугу жана акыл-эсинин тунуктугу анын президенттик мөөнөтүндө көп көңүл бурулган маселелерден болду.

Байден 2024-жылы июлда Дональд Трамп менен болгон дебаттан бир нече жумадан кийин күтүлбөгөн жерден кайра шайлоо жарышын токтотту, анда анын көрсөткүчү начар деп табылып, Демократиялык партиянын ичинде кеңири тынчсыздануу жаралган.

Байден 2020-жылы жеңишке жеткенде шайланган эң картаң президент болгон. Бул рекорд былтыр 79 жаштагы Трамптын президент болуп шайлоануусу менен ашылды.

Байден кызматтан кеткенден бери салыштырмалуу төмөн профилди сактап, коомчулукка бир нече гана жолу көрүндү.

Байден апрель айында Трамптын администрациясы сунуштаган кыскартууларга каршы Социалдык коопсуздук башкармалыгын жактап сөз сүйлөдү.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us