АКШнын президенти Дональд Трамп 2026-жылы G20 саммитинин Майами шаарында өтөрүн жарыялады. Бул АКШнын 20 жылга жакын убакыттан кийин ири экономикалардын жолугушуусун өткөрө турган биринчи иш чара болот.
Трамп Овал кеңсесинде журналисттерге берген билдирүүсүндө : “Келерки жылы өлкөбүздүн 250 жылдыгын белгилейбиз, АКШ дээрлик 20 жылдан кийин биринчи жолу G20 саммитин өз аймагында өткөрүү сыймыгына ээ болот,” – деди.
Трамп саммиттин күн тартиби "оор эрежелерди алып салуу, жеткиликтүү энергия булактарынын кулпусун ачуу жана жаңы технологияларды баштоо аркылуу экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө жол ачуу" болорун айтты.
Казына министри Скотт Бессент тарабынан даярдалган программанын G20нын "негизинен G100гө кеңейишинен" кийин "тыгыз топтун" негизинде уюштурулары айтылды.
Президент саммиттин Майами шаарындагы Trump National Doral Golf Course гольф клубунда өтөрүн тастыктады, бирок ал бул иш-чарадан эч кандай пайда көрбөй турганын баса белгиледи.
Трамп : "Баары ал жерде болууну каалайт анеткени аэропортко абдан жакын. Мыкты жер. Негизиненал жерде болушун өзгөчө каалашты анткени жайгашкан жери абдан жакшы. Биз мундан эч кандай пайда таппайбыз. Бир гана бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн гана каалайм,” – деп кошумчалады.
Бул жарыя Трамптын мурдагы президенттик мөөнөтүндө, 2019-жылы G7 саммитин өзүнө таандык мекемеде өткөрүү чечимин эске салды. Ал мезгилде Трамп катуу сынга кабылып, чечиминен баш тарткан. Президент Трамп бул жолу мекемесинин жыйындан эч кандай каржылык пайда таппай турганын атайын билдирди.
Майами Латын Америкасынын финансылык жана эл аралык дипломатия борбору катары белгилүү жана жетекчилер бул тандоонун жеткиликтүүлүк жагынан да ыңгайлуу жайгашканын, символикалык маанини чагылдырарын белгилешти.
Саммит 1776-жылы Көз карандысыздык декларациясына кол коюлушунун 250 жылдыгына туш келет.
АКШ өткөргөн акыркы G20 саммитин 2009-жылы Питтсбург шаарында, Обама администрациясынын тушунда, дүйнөлүк каржы кризисинен кийин өткөрүлгөн.