Бул бир туюк чөйрө. Индиянын башкаруусу астындагы Кашмирде же Индияда чоң куралдуу кол салуу болгондо Дели дароо Пакистанды бул кол салууну колдоо менен айыптап жатат.
Индиянын айыптоолору, адатта, Исламабадга каршы жазалоочу дипломатиялык жана аскердик чаралар менен коштолууда. 1,46 миллиард калк болгон бул өлкөдө саясатчылар кол салуунун күнөөкөрлөрүн жана колдоочуларын жоопко тартууга убада беришүүдө. 250 миллион калкы бар Пакистан болсо Индиянын кадамдарына ошол эле жол менен жооп кайтарып, катуу позицияны карманууда.
Жыйынтык катары бул эки Түштүк Азия атомдук атаандашы дос өлкөлөрдүн шашылыш дипломатиялык аракеттери толук масштабдуу аскердик кагылышууну алдын алганга чейин, толук кандуу аскердик кагылышууга кооптуу түрдө жакындаган болуп жатат.
Бул Пакистан менен Индиянын ортосундагы карым - катнаштардын акыркы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүп келе жаткан бир моделге айланды. Бул процесс аскердик чыңалууларга, чек ара кагылышууларына ал түгүл чек ара тышы абадан кол салууларга жол ачты.
Бирок Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин катуу индус улутчул өкмөтү 2014-жылы бийликке келгенден бери мындай чыңалуулар көбөйдү.
Моди өкмөтү 2016-жылы Уридеги согушкерлердин чабуулунан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартуу менен эле калбастан, ошол эле учурда Пакистанга кысым көрсөтүү максатында крикетке күйөрманы болгон бул эки өлкөнүн ортосунда эч кандай эки тараптуу крикет серияларынын ишке ашпашына мүмкүнчүлүк түздү.
Индия акыркы жолу 2006 - жылы Пакистанга эки тараптуу жолугушуулар үчүн барса, Пакистан 2012 – 2013 - жылы Индияга барды.
2008-жылы Мумбайдагы террордук кол салуу жана андан кийинки Индия башкарган Кашмирдеги зордук-зомбулук эки тараптын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жана крикеттин толугу менен токтотулушуна алып келди.
Бир тараптан Пакистан көптөгөн жолу сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшү жана саясатты оюн талаасынан алыс кармоого чакырды. Бирок Модинин Индиясы Пакистандын терроризмди колдогондугу тууралуу ырастоолорун уланткан сайын нормалдуу эки тараптуу дипломатия жана крикеттин мүмкүн эместигин көрсөтүүдө.
Акыркы чыңалуу
22 - апрелде Индиянын башкаруусундагы Кашмирдин талаштуу Гималай аймагындагы Пахалгам жакындарында Байсаран өрөөнүнө жасаган террордук кол салуусу эки өлкөнү дагы бир жолу согуштун босогосуна алып келди.
Аз билинген "Каршылык фронту" аттуу согушкер тобунун беш куралдуу адамы 24 индус туристти, бир христианды жана жергиликтүү мусулман гид менен 26 жаранды өлтүргөн кол салууну ишке ашырды.
Өткөн күндөрдө болгондой эле Индия медиасы бул мыкаачылык үчүн Пакистанды айыптоодо бир минута да жоготкон жок. Дели эки атаандаш өлкөнүн арасындагы карым - катнаштарды ого бетер начарлаткан бир нече чараларды жарыялады.
Индия көргөн чаралардын арасында диплоаматиялык карым - катнаштардын дагы да төмөндөтүлүшү, сооданын токтотулушу жана 1960 - жылдагы Дүйнө банкынын кепилдиги астындагы Индус суу келишиминин токтотулушу сыяктуу эч болбогон жана абдан коркунучтуу бир кадам орун алууда. Бул келишим Индус аймагындагы алты дарыянын үч үчтөн болуп эки өлкөнүн арасында бөлүштүрүлүшүн камсыз кылган.
Пакистан болсо жооп катары дипломатиялык карым - катнаштарды төмөндөткөндүгүн, соодага бөгөт койгондугун жана Индия аба жолдорунун Пакистан аба мейкиндигин колдонуусуна тыюу салгандыгын билдирди.
Исламабад Индиянын дарыялардын Пакистанга агымына тоскоол болуу аракетин «согуштук аракет» катары карай тургандыгын жана буга ылайык жооп берерин жарыялады.
Дүйнө эми Делинин Пакистан же анын башкаруусу астындагы Кашмир аймагына кургактыктан же абадан чабуул жасайбы жана Исламабад кандайдыр бир чабуулга болгон күчү менен жооп береби деген тынчсыздануу менен күтүүдө.
АКШнын жогорку мартабалуу жетекчилери менен бирге дүйнө күчтөрү абалды жумшартуу үчүн Пакистан жана Индиянын лидерлери менен байланышта. Россия, Кытай, коңшусу Иран жана айрым негизги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү да Пакистан менен Индиянын лидерлерин сабырдуулукка жана маселелерин дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырышууда.