Талибан өкмөтүнүн катчысы жекшемби күнү катуу болгон жер титирөөдө кеминде 2.205 кишинин каза болушу жана миңдеген кишинин да жараланышынан кийин Афганистандын чыгышындап издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын айтты.
Кунар аймагындагы жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Рахимулла Хамзала бейшемби күнү билдирүү жасап, каза болгондордун жана жаракат алгандардын жалпы саны 5000ден ашканын айтып :"Урандылардын астында азыр да көп адамдын бар экендигин эске алсак, издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн", - деп эскертти.
Эл аралык колдоо чакыруулары
Кабулдагы жетекчилер жер титирөөдөн жапа чеккен Нангархар, Лагман жана Панджшир провинцияларынан каза болгондордун санын күтүп жатышкандарын билдиришти. Нангархарда кеминде 12 адамдын каза болгондугу тастыкталды.
Гуманитардык уюмдар кыйроонун масштабы абдан чоң экенин жана кризистин тереңдешине жол бербөө үчүн тез арада эл аралык колдоо керектигин билдиришти.
Түркия баш калкалоочу жай, гигиеналык топтомдор жана тамак-аш сыяктуу 25 тонна жардам жөнөттү. Пакистан, Иран, Кытай, Индия жана көптөгөн батыш өлкөлөрү да жардам берүү убадасын беришти.
АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 23:47де (1917 GMT) Жалал-Абаддан 27 чакырым чыгышта жана түндүк-чыгышта, 8 чакырым тереңдикте болгонун билдирди. Жер титирөө болгон учурда адамдардын көпчүлүгү уктап жаткан.
Жер титирөө Талибан 2021-жылы бийликке келгенден бери Афганистанда болгон үчүнчү чоң жер титирөө катары катталып, өлкөдөгү гуманитардык кыйынчылыктарды ого бетер курчутту.