САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп Коргоо министрлигинин атын "Согуш министрлиги" деп өзгөрткөн жарлыкка кол койду
Жарлык Коргоо министри Пит Хегсет жана ага караштуу кызматкерлердин расмий кат алышууларда жана коомчулукка жасаган билдирүүлөрдө "Согуш министри" жана "Согуш министринин орун басары" сыяктуу наамдарды колдонууга уруксат берди.
Трамп Коргоо министрлигинин атын "Согуш министрлиги" деп өзгөрткөн жарлыкка кол койду
/ Reuters
7 саат мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигинин атын "Согуш министрлиги" деп өзгөрткөн президенттик жарлыкка кол койду. Ушундайча мекеме Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин Пентагондун кагылышууларды алдын алуу ролун баса белгилөө максатында жасалган ат өзгөртүү мурунку атына кайтып келди.

Трамп жарлыкка жума күнү Овал кеңсесинде өткөн аземде кол койду. Трамп журналисттерге : “Биринчи дүйнөлүк согушта жеңдик, Экинчи дүйнөлүк согушта биз жеңдик. Андан мурун жана арадагы бардык нерседе биз жеңишке жетиштик. Анан “ойгонууга” чечим чыгардык жана атын коргоо министрлиги деп өзгөрттүк. Эми согуш министрлигине кайтып жатабыз”,- деди.

Бул АКШ армиясынын акыркы мезгилде кайрадан ребрендинг кадамдарынын бири болгон. Трамп буга чейин Вашингтондо аскердик парадга жеке өзү жетекчилик кылган жана 2020 - жылдагы расалык адилетсиздикке каршы нааразычылык акцияларынан кийин аты өзгөртүлгөн аскердик базалардын эски аттарын кайтарып берген.

Трамп өзгөчө түштүктөгү АКШ - Мексика чек арасында мигранттарга каршы кысымды колдоо үчүн аскердик аймактарды түзүү жана Лос Анжелес менен Вашингтон сыяктуу шаарларда аскерлерди жайгаштыруу сыяктуу кадамдар менен армиянын өлкө ичинде колдонулушуна байланыштуу калыптанган тажрыйбаларга каршы чыкты.

Ак үйдүн жарыялаган маалыматына ылайык, жарлык Коргоо министри Пит Хегсетке жана ага караштуу кызматкерлерге расмий кат алышууларда жана коомчулукка жасаган билдирүүлөрүндө "Согуш министри" жана "Согуш министринин орун басары" деген наамдарды экинчи даражадагы наам катары колдонуу укугун берет. Бул кадам Хегсетке жаңы аталышты туруктуу абалга алып келүү үчүн зарыл болгон мыйзам чыгаруу жана аткаруу аракеттерин орундатуусун сунуштоо көрсөтмөлөрүн да камтууда.

АКШда министрликтердин аталыштарын өзгөртүү сейрек кездешет жана Конгресстин макулдугун талап кылат. Бирок Сенатта да, Өкүлдөр палатасында да аз гана айырма менен көпчүлүктү ээлеген Республикачылардын Конгресстеги лидерлери Трамптын демилгелерине каршы чыгуу ниетинде эмес.

Атын кайрадан өзгөртүү болсо, кымбат чыгымдарды алып келет. Бир гана Пентагондо эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык аскердик базаларда колдонулган белгилерди жана бланктарды жаңыртууга туура келет.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us