Израилдин Коргоо министрлиги АКШнын аскерий колдоосу менен каржыланган 500 миллион долларлык келишимдин алкагында Boeing өндүргөн эки KC-46 аскердик абада май куюучу танкерди сатып алууну пландап жатканын билдирди.
Министрлик шаршемби күнү билдиргендей, Израилдин коргонуу сатып алуулар боюнча министрлер комитети макулдук бергенден кийин АКШ өкмөтү менен келишимге кол коюлат.
АКШ өкмөтү чет өлкөлөргө аскердик жабдууларды сатуу жана өткөрүп берүү иштерин көзөмөлдөйт.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Израилдин армиясы учурда Boeing үлгүсүндөгү төрт даана КС-46 абада май куюучу танкерди колдонот.
Министрликтин башкы директору Амир Барам билдирүүсүндө бул учактар аскердик күчтөрдүн узак аралыктагы стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп, алысыраак аймактарда күчтүүрөөк жана кеңири масштабда иш алып барууга шарт түзөрүн белгиледи.
Израиль июнь айында Иранга каршы 12 күндүк аба согушу учурунда ушул сыяктуу май куюучу танкерлерди колдонгон.
Билдирүүдө келишимдин алкагында учактарга Израилдин системалары орнотулары айтылып, бирок бул системалар тууралуу так маалымат берилген жок.
Вашингтон өзүнүн өнөктөшү Израилге Американын курал-жарактарын жана жабдууларын сатып алуу үчүн жыл сайын миллиарддаган доллар берет.
Министрликтин билдирүүсүндө, «Келишимдин көлөмү болжол менен жарым миллиард АКШ долларына бааланып, АКШнын жардамы менен каржыланат»,-деп айтылды.
Акыркы убактарда АКШнын айрым республикачылдары жана демократтары Израилдин Газадагы геноциди жана салык төлөөчүлөрдүн акчасы ички артыкчылыктарга жумшалса жакшыраак болобу деген тынчсыздануусун шылтоолоп, өкмөттүн Израилге аскердик колдоосун улантып жатканын сынга алышты.