ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Афганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүүдө, жардам жетишпей жатат
БУУ Афганистандын чыгыш аймагында жер титирөө болгон аймакка карата жардамдардын азайышынан улам каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертти.
Афганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны көбөйүүдө, жардам жетишпей жатат
/ Reuters
4 Сентябрь 2025

Бул жумада Афрганистанда болгон жер титирөөдө кулаган үйлөрдүн урандыларынан сөөктөрдү чыгаруу токтору ишин улантууда. Тирүү калгандар үчүн убакыт азайып, глобалдык жардам мекемелери тамак - аш, баш калкоочу жер жана дары - дармек үчүн каражаттардын азайгандыгы тууралуу эскертишти.

Шаршемби күнү кечке чейин жер титирөөдөн жабыркаган чыгыштагы тоолуу аймактарда издөө иштери улантылды. Талибан администрациясы каза болгондордун саны 1,457ден ашканын, бирок так маалыматтар али толук жыйнала электигин билдирди.

Жер титирөөдөн эң көп жапа чеккен Кунар провинциясынан аман калган Аалем Жан: "Бизге таандык нерселердин баары талкаланды. Үйүбүз кыйрады, бардык буюмдарыбыз жок болду. Бизге калган бир гана үстүбүздөгү кийимдерибиз",- деди.

Жекшемби күнү болгон 6 баллдык биринчи жер титирөө Кунар жана Нангархар провинцияларында чоң кыйроого алып келди, бул Афганистанда акыркы жылдардагы эң кандуу окуялардын бири. Жер титирөө 10 километр (6 миль) тереңдикте болду.

Шейшемби күнү 5,5 баллдык экинчи жер титирөөдөн улам тоолордон кулаган таштар жана алыскы айылдарга кеткен жолдордун жабылышы дүрбөлөңгө салып, куткаруу иштери үзгүлтүккө учурады.

Жетекчилер болжол менен 3400 адамдын жаралангандыгын жана 6700дөн ашуун үйдүн кыйраганын кабарлашты. Бириккен Улуттар Уюму азыр да урандылардын астында адамдардын бар экендигин айтып, аман калгандар үчүн убакыт азайган сайын каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертишти.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай Коомдор Федерациясы (IFRC) гуманитардык муктаждыктардын "абдан жогору жана тездик менен өсүп жатканын" белгилеп: "Баштапкы маалыматтарга караганда, 84000 адам түз жана кыйыр түрдө жабыркап, миңдеген адам жер кторду,- деп билдирди.

Кунар провинциясындагы айрым айылдарда бүтүндөй үй-бүлөлөр жок болуп кеткен. Жабыркагандар жакындарын издеп, урандыларды казып, сөөктөрдү кездемеден жасалган замбилдерге салып, күрөктөр менен мүрзө казып, жардам келүүсүн күтүшүүдө.

Reuters телеканалынын видеолорунда ун каптарын жүктөгөн жүк ташуучу унаалар жана күрөк көтөргөн адамдар тоолуу аймактардагы алыскы айылдарга бара жатканы көрсөтүлүүдө. Жетекчилер тик учактар конууга мүмкүн болбогон жерлерге ондогон атайын күчтөрдү абадан түшүрүштү.

42 миллион калктуу, согуш, жакырчылык жана жардамдын азайышынан жабыркаган Түштүк Азия өлкөсүндө куткаруу жана жардам иштерине ресурстар жетишсиз. Катаал аба ырайы дагы бир кошумча кыйынчылык жаратууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму 3 миллион долларлык каржылык тартыштыкты белгилеп, дары-дармектер, травма топтомдору жана керектүү товарларды камсыз кылуунун абдан маанилүү экендигин белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын өлкөдөгү жетекчиси Жон Айлиефф шаршемби күнү жабыркагандарды төрт жума гана камсыздай турган каражат жана запас бар экенин билдирди.

Норвегиялык Качкындар Кеңешинин өкүлү Жакопо Кариди донорлорду узак мөөнөттүү жардам көрсөтүүгө чакырып, афган элине өмүр сактап калуу менен гана чектелбестен, туруктуу келечек түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү керектигин белгиледи. “Бул жер титирөө Афганистандын бири биринин артынан келген кризистер менен жалгыз калбашы керек экенин эскертүүдө,” - деп кошумчалады.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us