АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, бейшемби күнү Чилинин түштүгүндө, Дрейк кысыгында күчү 7.5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө болжол менен 10,8 чакырым (6.71 миль) тереңдикте болгондугу айтылды.
Термелүүлөр Чилинин жана коңшу Аргентинанын бир нече шаарларында сезилген.
Азырынча зыян тууралуу маалымат түшкөн жок.
Жер титирөөдөн кийин Чилинин Деңиз гидрография жана океанография кызматы (SHOA) цунами коркунучу тууралуу эскертүү берип, жээк аймактарынан элди эвакуациялоону буйруду.
Башында цунаминин кооптуу толкундарын жаратуу коркунучу бар экени айтылганы менен, Тынч океан цунами эскертүү борбору кийинчерээк бул коркунучтун басаңдаганын Bloomberg агенттигине жөнөткөн билдирүүсүндө тастыктады.
Цунами толкундарынын бийиктиги 0.3 метрден (1 фут) ашпайт деп күтүлүүдө, деп кошумчалады борбор.
