ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Google Нетаньяхунун кеңсеси менен 45 миллион долларлык келишимге кол койду
Drop Site News маалымдагандай, Google март айынан бери Газадагы ачарчылыкты четке каккан жана талаштуу GHFти мактаган жарнамаларды жайгаштырып келет.
Google Нетаньяхунун кеңсеси менен 45 миллион долларлык келишимге кол койду
/ AP Archive
4 Сентябрь 2025

Drop Site News билдиргендей, Google компаниясы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси менен алты айлык мөөнөт үчүн 45 миллион долларлык келишимдин негизинде иш алып барып, өкмөттүн билдирүүлөрүн жайылтуу жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти аз көрсөтүүгө аракет кылууда.

Шаршемби күнү жарыяланган отчетко ылайык, июнь айынын аягында кол коюлган келишимде Google Нетаньяхунун коомчулук менен байланыш стратегиясын колдогон "негизги мекеме" катары аныкталган.

Үгүт иши 2-мартта Израиль Газага азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү май жана башка гуманитардык жардамдарды киргизүүгө тыюу салгандан бир нече күндөн кийин башталган. Мыйзам чыгаруучулар өкмөттүн коомдук пикирге тийгизген таасирин азайтуу үчүн кандай даярдыктар көрүлгөнүн сурашкан.

Ошол учурда Израиль армиясынын бир өкүлү бийлик "ачарчылык жок экенин түшүндүрүү жана маалыматтарды көрсөтүү үчүн" санариптик кампания башташы мүмкүн экенин айткан.

Ошондон бери Газада ачарчылык жок деген өкмөттүк жарнамалар ​​кеңири тарай баштады. Израилдин Тышкы иштер министрлигинин "Газада азык-түлүк бар. Башкача айтылган сөздөр жалган" деген YouTube видеосу 6 миллион жолу көрүлүп, анын көбү акы төлөнүүчү жарнамалар тарабынан колдоого алынган.

Маалыматка ылайык, бул жарнамалар YouTube жана Google компаниясынын Display & Video 360 платформасы аркылуу башкарылып, өкмөттүк документтерде "хасбара" деп мүнөздөлөт. Бул термин еврей тилинен которгондо көбүнчө "пропаганда" деп түшүндүрүлөт. Маалыматтарга караганда, Израиль АКШнын X социалдык медиа компаниясынын жарнамаларына 3 миллион доллар, ал эми француз-израилдик Outbrain/Teads платформасына 2,1 миллион доллар сарптаган.

Ушуга окшош ыкмалар

WiRED журналы да өткөн жылы БУУ менен Газа бийлигин жаманатты кылууга багытталган Google аркылуу жарыяланган Израиль өкмөтүнүн жарнамаларын ашкерелеген.

Июль айында Google Ads Transparency Center сайтында жарыяланган Израилдин өкмөттүк Жарнама агенттигинин жарнактарында БУУ Газага гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө “атайылап саботаж кылып жатат” деп айыпталган жана БУУнун гуманитардык иштерин кыйгап өтүү үчүн түзүлгөн, бирок "өлүм тузагы" катары айыпталган АКШ колдогон талаштуу Газа Гуманитардык Фонду (GHF) макталган. Ушул эле мазмундагы дагы бир жарнама июнь айында жарыяланган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги шейшемби күнү август айында 185 адам, анын ичинде 12 бала ачарчылыктан каза болгонун кабарлады. Бул Израилдин эки жыл мурун башталган согушунан бери катталган эң жогорку айлык көрсөткүч.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери 55 миң кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдар, ошондой эле беш жашка чейинки 43 миңден ашуун бала тамак-аштын жетишсиздигинен жабыркап жатканын билдиришти.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us