ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Атактуу Газа балмуздак дүкөнү БАЭдеги биринчи филиалы менен ностальгия тартуулоодо
Казем азыр Дубайдан 45 чакырымдай түндүктө жайгашкан кичинекей эмират Ажманда балмуздак жана цитрустуу татымал кошулган муздак суусундук "баррад" сатып жатат.
Атактуу Газа балмуздак дүкөнү БАЭдеги биринчи филиалы менен ностальгия тартуулоодо
/ AA
17 саат мурун

Израилдин Газага каршы согушунун күчөшүнөн улам 2023-жылы Газада эшигин жабууга мажбур болгон Палестинанын сүйүктүү балмуздак дүкөнү Бириккен Араб Эмирликтеринде кайрадан ачылды. Казем балмуздактарды гана эмес, жергиликтүү коомчулукка ностальгиялык даам тартуулап жатат.

Дүкөндүн ээси Мухаммед Казем Абу Шабан, бул ишкердикти атасы негиздегенин айтып, Ажманды жергиликтүү палестиналык коомчулуктун бар экендигинен улам тандаганын билдирди.

“Ар келген сайын алар 30-40 жыл мурунку күндөрүн эстешет,” - деди Абу Шабан. “Бул аларга Газага барып, белгилүү ‘баррад’ суусундугун ичкен күндөрдү эске салат” деп кошумчалады.

Казем 1950-жылы Газанын түндүгүндө балмуздак сата баштаган жана 70 жылдан ашуун убакыт бою жергиликтүү тургундардын сүйүктүү жайы болуп келген. Бирок согуштун айынан жабылууга аргасыз болгон.

Абу Шабан Газа филиалы февраль айында кайра ачылганын, бирок камсыздоо жетишсиздиги жана туруксуздук ишине тоскоол болгонун айтты. “Чындап эле Газадагы абал өтө оор” деп баса белгиледи.

Ажманда дүкөн ачуу – Палестин мурасын алыста болсо да сактап калуунун жолу экенин айткан Абу Шабан, Дубай жана Абу-Даби сыяктуу башка шаарларда да филиалдарды ачууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

Дубайдан Мухаммед Хамис Али Аль Мазруи Каземдин балмуздагын жана ‘баррадын’ татып көргөндөн кийин анын эмнеге өзгөчө экенин түшүнгөнүн айтты. “Чынында эле бул өзгөчө,” - деди.

Согушта бир тууганы жана жээнинен ажыраган Абу Шабан үчүн Казем жөн гана десерт дүкөнү эмес, Газанын эскерүүлөрүн бир кашык балмуздак менен сактап калуунун жолу болуп саналат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us