Палестиналык каршылык көрсөтүүчү ХАМАС тобу ортомчулар аркылуу АКШдан жаңы ок атышууну токтотуу сунушун алганын жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдирди.
“Биз ортомчулар аркылуу АКШ тараптан ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетүү үчүн айрым идеяларды алдык”, – деп жекшемби күнү Telegram аркылуу жарыяланган билдирүүдө айтылат.
ХАМАС биздин элге каршы агрессияны токтотууга багытталган ар кандай аракеттерди кубаттай турганын билдирди.
Топ “согушту токтотуу жана Газа тилкесинен (Израил күчтөрүнүн) толук чыгышы тууралуу ачык жарыялоо үчүн бардык туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого даяр” экенин билдирди.
ХАМАС ошондой эле анклавдын административдик иштерин башкаруу үчүн көз карандысыз палестиналык комитет түзүүгө макул болгонун жана Израил келишимдин шарттарын аткарууга милдеттенүүсүн талап кылганын белгиледи. Бул өткөндөгү келишимдердин кабыл алынып, бирок кийин четке кагылган же бузулган учурлардын кайталанышына жол бербөө үчүн жасалууда.
Нетаньяху: “Трамптын сунушун олуттуу карап жатабыз”
ХАМАС 18-августта Египет жана Катар ортомчулары аркылуу АКШнын атайын өкүлү Стив Виткоффтун сунушуна негизделген сунушту кабыл алганын, бирок “(Израиль) оккупациясы азырынча жооп кайтарбай, массалык кыргын жана этникалык тазалоо кампаниясын улантып жатканын” билдирди.
“Ошондуктан, ХАМАС кыймылы бул идеяларды биздин элдин талаптарына жооп берген ар тараптуу келишимге айландыруу үчүн ортомчулар менен тынымсыз байланышта болууда”, – деп кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча келишим сунуштаганын, Израиль тарап толугу менен макул болгонун билдирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Трамптын сунушун “олуттуу карап жатышканын” айтты.
ХАМАС Израиль менен бардык израилдик туткундарды палестиналык туткундарга алмаштыруу, Газага каршы согушту токтотуу жана Израиль күчтөрүнүн толук чыгышын камсыз кылуу боюнча ар тараптуу келишим түзүүгө даяр экенин бир нече жолу билдирген.
Бирок, Нетаньяху мындай сунуштарды четке кагып, сүйлөшүүлөрдүн ар бир этабында жаңы шарттарды коюп, кечеңдетүүгө мүмкүндүк берген жарым-жартылай келишимдерди жактап келет.
