АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкциялардын экинчи баскычына өтүүгө даяр экенин айтты. Бул билдирүү анын Украинадагы согушка байланыштуу Москвага же мунай сатып алуучуларына каршы санкцияларды күчөтүүгө жакындаганын көрсөтүүдө.
Трамп буга чейин Москваны кошумча санкциялар менен коркутуп келген, бирок сүйлөшүүлөрдү улантуу максатында аларды токтотуп турган.
Жекшемби күнкү билдирүүсү анын барган сайын агрессивдүү мамиле кылганын көрсөтсө да, Трамп мындай чечимге толук берилгенин же экинчи баскычтын кандай болорун так айткан жок.
Ак үйдө бир журналисттин Орусияга каршы санкциялардын экинчи баскычына өтүүгө даярсызбы деген суроосуна Трамп: "Ооба, даярмын", - деп жооп берди.
Трамп январь айында кызматка киришкенде согушту тез арада токтото алам деп ишенген, бирок Украинадагы согушту токтото албаганына нааразы болуп келет.
Эң чоң аба чабуулу
АКШнын Украина боюнча атайын элчиси Кит Келлог жекшемби күнү, Орусиянын Киевге акыркы чабуулу Москванын согушту дипломатиялык жол менен токтотууну каалабай турганын көрсөтөт деп билдирди.
Келлог X социалдык тармагында "Орусия согуштун эң чоң чабуулун жасап, Киевдеги Украина өкмөтүнүн кеңселерин бутага алды", - деп жазды. Ал кошумчалагандай: "Бул чабуул Орусиянын согушту дипломатиялык жол менен токтотууну көздөгөнүнүн белгиси эмес".
Соңку кол салуу Орусиянын 2022-жылы жаңжал башталгандан берки эң ири аба соккусу катары сыпатталды.
Акыркы жумаларда Трамп согушту токтотуунун жолун табууга аракет кылып келет, бирок анын аракеттери азырынча жыйынтык бере элек. Орусия учурда Украинанын болжол менен 20 пайызын ээлеп турат.