Судан август айынын баштарында холераны расмий түрдө эпидемия деп жарыялады.
Судандын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда өлкө август айынан бери 1205 кишинин каза болгонун жана 44 729 такталган бейтаптын бар экендигин билдирди.
Министрлик шейшемби күнү жарыялаган бир билдирүүдө түрдүү шаттарда 43 жаңы учурдун чыкканын тастыктап, казы болгондор тууралуу маалыматтын берилбегендигин билдирди.
Эпидемия Хартум, Аль Жазире, Аль - Кадариф, Кассала, Нил дарыясы, Түндүк штаты, Ак Нил жана Сеннар да болгон Судандын 18 штатынан он бирине таасирин тийгизди.
Судан август айынын баштарында холераны расмий түрдө эпидемия деп жарыялады. Көбүнчө булганган суу аркылуу жайылган бактериялар себеп болгон оору катуу ич өткөккө жана суусуздукка жол ачат жана дарыланбаса бир канча сааттын ичинде өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Холера эпидемиясы Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн аскерлештирилген тобунун ортосунда уланып жаткан кагылышуулардан улам келип чыккан гуманитардык кризистин ортосунда ортого чыкты.
БУУ жана жергиликтүү болжолдорго караганда 2023 - жылдын апрель айында башталган зомбулук 20 000ден ашуун кишинин каза болушуна жана 14 миллиондон ашуун кишинин жер которуусуна себеп болду.