ДҮЙНӨ
6 мүнөт окуу
Кытай Пакистан менен Афганистанды эски жолдо жаңы сапарга багыттоодо
Өткөн айда болгон үч тараптуу саммит Исламабад менен Кабулдун эки өлкөгө тең таасир эткен маселелер боюнча жалпы тил табышуусуна жол ачты.
Кытай Пакистан менен Афганистанды эски жолдо жаңы сапарга багыттоодо
/ Others
4 Июнь 2025

Май айынын аягында Кытай, Пакистан жана Афганистан катышкан жогорку деңгээлдеги расмий эмес саммит аймактык дипломатия жана коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерде чоң бурулуш жери болуу потенциалына ээ.

Афганистандын убактылуу тышкы иштер министри Амирхан Моттаки өткөргөн жабык эшик артындагы жыйынга Кытайдын атайын өкүлү Юэ Сяоюн менен Пакистандын атайын өкүлү Мухаммад Садык катышты

Бул саммит 2017-жылдан бери иштеп келе жаткан үч тараптуу диалог механизминин маанилүү бөлүгүн түзүүдө.

Саммитте саясий ишенимди бекемдөө, терроризмге каршы аракеттерди координациялоо жана экономикалык интеграцияны илгерилетүү боюнча конкреттүү чаралар талкууланды.

Бул күн тартиби Кытай менен Пакистандын ортосундагы ортомчулук ролун бекемдөө менен эле калбастан аймактагы жаңы динамиканы калыптандыруудагы таасирин дагы көрсөтүүдө.

Бул үч тараптуу кызматташтык демилгеси Индия менен Пакистандын ортосундагы акыркы аскердик кагылышуулар болгон кыймылдуу саясий чөйрөдө чоң мааниге ээ болууда.

Пакистан-Афганистан конфликтинин негизги динамикасы

Пакистан менен Афганистандын ортосундагы пикир келишпестиктердин негизги себептери тарыхый, этникалык жана стратегиялык факторлордун татаал өз ара аракетинде жатат.

Бул туруктуу чыңалуунун негизги себеби 1893-жылы Британ Индиясы менен Афган Эмирлигинин ортосунда кол коюлган Дюранд сызыгы келишими турат.

Көп жылдар бою Дюранд сызыгынын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыштар эки өлкөнүн эгемендүүлүгү жана улуттук өздүк маселелери боюнча кеңири талкууларды чагылдырган.

Афганистан бул сызыкты расмий чек ара катары тааныган эмес жана чек аранын эки тарабындагы пуштун жамааттарын бириктирүү каалоосу Пакистан тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч катары кабыл алынууда.т.

Талибан администрациясы Афганистандын тышкы саясатындагы бул салттуу позицияны карманууну улантууда.

Пакистан менен Талибандын карым - катнашы 1990-жылдардын ортосунда, Талибандын Афганистанда ылдам өсүшү менен калыптана баштаган.

Медиа маалыматтарына ылайык, Пакистан мамлекети өзгөчө чалгындоо кызматынын (ISI) ортомчулугунда Талибанга материалдык, каржылык жана аскердик колдоо көрсөткөндүгүн чагылдырып жаткан.

Бул колдоо Талибандын Түндүк альянска каршы үстөмдүк кылуусунда маанилүү роль ойногон. Пакистандын бул кадамы стратегиялык гана эмес, ошондой эле Талибан кыймылы менен сектанттык жана идеологиялык жактан шайкештикти чагылдырган.

Бирок, 2021-жылы Талибандын бийликке кайтып келишинен кийин Пакистандын бул топко стратегиялык тереңдик жана оперативдүү таасир тийгизет деген үмүтү негизинен аткарылган жок.

Тескерисинче, Техрик-и-Талибан Пакистандын (ТТП) Афганистандын чек ара аймактарында коопсуз жай таап, кээде Талибандын ичиндеги айрым элементтер тарабынан кыйыр түрдө колдоого алынганы тууралуу дооматтар Исламабад өкмөтү үчүн кабыл алынгыс коопсуздук коркунучуна айланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 35-отчётуна ылайык, Афганистан Талибанынын TTПга материалдык, операциялык жана каржылык колдоо көрсөткөнү тастыкталган.

Отчётто TTПнын Афганистанда болушу жана операциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн сакталып калышы, топтун 2024-жылынын ичинде Пакистанда 600дөн ашык чабуул жасаганы белгиленген.

Мындан тышкары, TTПнын Кунар, Нангархар, Хост жана Пактика (Бармал) провинцияларында жаңы машыгуу лагерлерин түзүп, афган Талибанынын катарынан согушкерлерди тартып жатканы белгиленүүдө.

Пакистанда жасалган бомба чабуулдарынын көбү TTП менен байланыштуу экендиги коомчулуктун афган Талибанына каршы нааразычылыгын күчөтүүдө.

Бирок, Талибан жетекчилиги бул дооматтарды четке кагып, TTПга байланыштуу маселелердин Пакистандын ички иштери экендигин жактап жатат.

Ошентсе да, идеологиялык жакындык, согушкерлердин өтүшү жана чек ара көзөмөлүнүн начар механизмдери сыяктуу факторлор, бул айырмачылыктын иш жүзүндө канчалык деңгээлде ишке ашаарына күмөн жаратууну улантууда.

Коопсуздук тынчсыздануусунда Кытайдын ортомчулугу

Кытайдын ортомчулугу менен өткөн үч тараптуу саммит Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу жана Афганистан–Пакистан чек арасындагы TTП ишмердүүлүгүнүн жогорулашын эске алганда, өзгөчө мааниге ээ.

Ушунун негизинде саммит аймактык коопсуздук архитектурасы жана соода коридорлорунун иштеши боюнча маанилүү этап катары каралууда.

Тарыхый көз караштан алганда, Пакистан Афганистанды Индия менен болгон атаандаштыгында стратегиялык арткы фронт катары карап келген.

Бул көз караш "стратегиялык тереңдик" доктринасы деп аталат жана Индия менен аскердик кагылышуу боло турган болсо Пакистандын батыш канатын ишеним астына алууну көздөйт.

Демек, Афганистандын бейтараптуулугун камсыз кылуу же Пакистандын кызыкчылыктарына ылайык кыймыл кылуусун камсыз кылуу Исламабад үчүн ырааттуу стратегиялык артыкчылык болуп келген.

Ал эми Кытайдын бул теңдемедеги өсүп жаткан ролу, Пекиндин "Бир алкак, бир жол" демилгесинин (BRI) алкагында Түштүк Азияда коопсуз инвестициялык жана транспорттук коридорлорду камсыз кылуу боюнча өсүп жаткан артыкчылыгынын чагылышы катары чечмеленсе болот.

Кытайдын Афганистанга болгон кызыгуусу экономикалык инвестиция менен эле чектелбестен, бул өлкөнү BRI алкагында Батыш Азияга ачылган негизги дарбаза катары карап жатат.

Кытайдын 14 миллиард долларлык инвестициялык портфелинен тышкары, анын Иран-Афганистан-Кытай үч бурчтугун бириктирген Бадахшандагы Вахан коридору аркылуу жаңы транспорттук каттам түзүү аракети анын Афганистанда болушунун узак мөөнөттүү жана стратегиялык мүнөзүн ортого салууда.

Вахан коридору аркылуу Кытайдын чек арасына жетүү техникалык жактан мүмкүн болсо, иш жүзүндө бул жол учурда дээрлик мүмкүн эмес.

Кытайдын 14 миллиард долларлык инвестициялык портфелинен тышкары, анын Иран-Афганистан-Кытай үч бурчтугун бириктирген Бадахшандагы Вахан коридору аркылуу жаңы транспорттук каттам түзүү аракети анын Афганистанда болушунун узак мөөнөттүү жана стратегиялык мүнөзүн ортого салууда.

Вахан коридору аркылуу Кытайдын чек арасына жетүү техникалык жактан мүмкүн болсо, иш жүзүндө бул жол учурда дээрлик мүмкүн эмес.

Натыйжада Кытай менен Афганистандын ортосундагы сооданын көбү азыр да Пакистан аркылуу деңиз жолу менен ишке ашырылууда.

Ушунун алкагында Кытайдын Талибан өкмөтү менен дипломатиялык мамилелерин арттыруу жана анын Пакистан менен Талибандын ортосундагы тең салмактуу актер катары чыгышы чоң мааниге ээ.

Ушунун алкагында Кытайдын Талибан өкмөтү менен дипломатиялык мамилелерин арттыруу жана анын Пакистан менен Талибандын ортосундагы тең салмактуу актер катары чыгышы чоң мааниге ээ.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин дипломатиялык диалогду калыбына келтирүү үчүн Пекинде талиптер менен пакистандык расмий өкүлдөрдү чогултуу аракеттери Пекиндин Афганистандагы узак мөөнөттүү таасирин бекемдөө ниетин көрсөтүүдө.

Аймактагы абалдардын эки тараптуу динамикадан ашкандыгы анык. Кытайдын Кабул менен Исламабаддын ортосундагы активдүү ортомчулук ролун Кытай-Пакистан Экономикалык коридорунун (CPEC) алкагындагы 50 миллиард долларлык инвестициясын коргоо стратегиясынан келип чыккан деп чечмелесе болот.

Үч тараптуу саммиттин күн тартибине коопсуздук маселелер менен бирге экономикалык маселелердин киргизилиши Кытайдын жөн гана экономикалык актердон аймактык коопсуздук кепилдиги ролуна карай баратканынан кабар берет.

Кытайдын кепилдик ролун канчалык деңгээлде натыйжалуу аткара алаары, анын Талибан режими менен Пакистандын ортосундагы жашыруун милдеттенмелерди камсыз кылуу жөндөмүнө көз каранды болот.

Ошондой эле, Пекиндин Талибан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык жакындашуунун алдын алуу жөндөмү аймактык дипломатиялык тең салмактуулуктун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эте турган маанилүү өзгөрмө катары ортого чыгууда.

1950-жылдан бери Кытай менен Пакистандын ортосунда 350дөн ашык, Кытай менен Афганистандын ортосунда 150гө жакын, ал эми Афганистан менен Пакистандын ортосунда 250гө жакын келишимге кол коюлган.

Бирок үч өлкө биргелешип кол койгон келишимдердин саны абдан аз.

Бул жагдай аймактык кызматташтыктын негизинен эки тараптуу деңгээлде жүргүзүлүп жатканын жана учурда институционалдаштырылган үч тараптуу алкактын жок экенин көрсөтүүдө.

Башкача айтканда, Кытай-Пакистан-Афганистан үч тараптуу саммити жөн гана символикалык жолугушуу эмес, күчтөрдүн аймактык тең салмактуулугунун жаңы этабынын белгиси.

Саммитте кабыл алынган чечимдер Кытайдын экономикалык актер катары гана эмес, коопсуздук жана дипломатия тармагында да негизги оюнчу катары позицияланганын көрсөтүүдө.

Пакистан менен Талибан өкмөтүнүн ортосундагы чыңалууну азайтуу жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жасалган кадамдар тереңирээк аймактык интеграцияга жол ачууда, ошол эле учурда Кытайдын аймактык кепил болуу каалоосун барган сайын айкын кылууда.

Бирок бул процесстин туруктуулугу дипломатиялык ишараттардан гана эмес, жер-жерлерде коопсуздук динамикасын эффективдүү башкаруудан да көз каранды.

Иш жүзүндө, бул саммит Кытайдын аймактык архитектураны калыптандыруудагы ролун жана келечектеги кызматташуу моделдеринин багытын аныктоо жагынан сыноо болду.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us