Сириянын президенти Ахмед Шараа Сирия өнүктүрүү фондун ачып, бул фонддун өлкөнү кайра куруунун негизги куралы катары кызмат кылаарын билдирди.
Сириянын Араб кабар агенттигинин (САНА) билдиргенине караганда, бул билдирүү бейшемби күнү борбор Дамасктагы Дамаск чебинде өткөн фонддун ачылыш аземинде айтылды.
Шараа сөзүндө: «Бүгүн биз Сирияны өнүктүрүү фондунун ишке киришкенин жарыялоо үчүн чогулуп, кулатылган режим талкалаган жерлерди кайра куруу жана алар өрттөгөн жерлерди жашыл, гүлдөп өнүккөн мамлекетке айландыруу үчүн сиздерди кайрымдуулук кылууга чакырабыз»,-деди.
"Кулатылган режим экономикабызды талкалады, акчабызды уурдады, үйлөрүбүздү кыйратты, элибизди качкындар лагерлерине айдады. Бүгүн биз бул жерге Сириябыздын жараатын айыктыруу, элинин жардамы менен кайра куруу, жер которгон жана качкындарды өз жерлерине кайтаруу үчүн чогулуп жатабыз",- деди Шараа
Шараа фонддун ишинин ачык болорун, стратегиялык долбоорлорго жумшалган бардык каражаттардын билдирилип турарын кошумчалады.
SANA кабарчысынын айтымында, кайрымдуулук фонду ишке киргенден кийин бир нече мүнөттүн ичинде жардамдар 30 миллион доллардан ашты.
Кийинчерээк мамлекеттик Al-Ihbariyah телеканалы билдирүүдөн бир сааттан кийин жардамдардын 60 миллион доллардан ашканын билдирди.
Сирияны 25 жылга жакын башкарган Башар Асад 2024-жылы декабрь айында Россияга качып, 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын режимин токтоткон.
Январь айында Шараа башында турган жаңы өткөөл өкмөт түзүлдү.