БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси билдиргендей, май айынын аягынан бери Газа тилкесинде жардам издеп жүргөндө каза болгон палестиналыктардын саны 1760ка жетти. Бул сан август айынын башында жарыяланган мурунку көрсөткүчтөн бир нече жүзгө көбөйгөн.
“27-майдан тартып 13-августка чейин биз Газа тилкесинде жардам издеп жүргөндө каза болгон 1760 палестиналыктын өлүмүн каттадык; алардын 994ү Газа Гуманитардык Фондунун (GHF) аймагында, ал эми 766сы жардам кербендеринин жолдорунда өлтүрүлгөн. Бул өлүмдөрдүн көбү Израиль күчтөрү тарабынан жасалган,”,-деп БУУнун оккупацияланган Палестина аймактары боюнча кеңсеси билдирүүдө.
1-августта бул сан 1373 деп жарыяланган.
Жардам пункттары эмес, өлүм капкандары
Газанын Жарандык коргоо кызматы билдиргендей, жума күнү Израилдин аткылоосунан кеминде 38 адам каза болгон, алардын 12си гуманитардык жардам күтүп турган.
Израиль аскерлери “Хамастын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу” боюнча иштеп жатканын жана “жарандык зыянды азайтуу үчүн чара көрүлүп жатканын” билдиришти.
Шаршемби күнү Израил аскерлеринин штаб башчысы Газа тилкесине жаңы жер үстүндөгү чабуул жасоо планы бекитилгенин жарыялады. Бул чабуул “Хамасты жеңүү” жана “барымтада калган адамдарды бошотуу” максатын көздөйт.
Чабуул Газа шаары жана анын жанындагы качкындар лагерлерин бутага алат деп күтүлүүдө. Бул аймактар тилкенин эң жыш жайгашкан жерлери болуп саналат.
Израиль өкмөтүнүн бул аракеттери эл аралык сын-пикирлерди жана ички каршылыктарды жаратууда.
БУУнун колдоосундагы эксперттер Газада кеңири масштабдуу ачарчылык коркунучу бар экенин эскертишти, анткени Израиль гуманитардык жардамдын кирүүсүн катуу чектеп койгон.