Өлкөнүн геология агенттиги, Индонезиядагы Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу атылып, асманга коюу вулкандык күл көтөрүлгөнүн билдирди.
Дүйшөмбү күнкү атылуу 18 чакырым бийиктикке чейин вулкандык заттарды асманга көтөрүп, айланадагы айылдарга күлдөрдүн жаашына себеп болду. Жабыркагандар тууралуу азырынча кабар түшкөн жок.
Агенттик жанар тоонун кооптуу деңгээли 18-июндагы жарылуудан берки эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн жана тоонун боорунан ысык газ булуттары агып жатканын маалымдады.
Өткөн жылдын ноябрь айында Левотоби Лаки-Лаки тоосунун атылуусунан кеминде тогуз адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган.
1,584 метр бийиктиктеги жанар тоо март айында да атылган, бирок жабыркагандар болгон эмес.
Бул тоо Флорес Тимур районунда жайгашкан Левотоби Перемпуан тоосу менен эгиз вулкан болуп эсептелет.
Индонезияда 120 активдүү вулкан бар жана өлкө Тынч океан бассейнин курчаган “От шакеги” деп аталган сейсмикалык жаракалардын тилкесинде орун алган.
Ошондой эле, ишемби күндөн бери жааган катуу жамгырдан улам борбор шаар Жакартадагы ондогон райондор суу астында калганын дүйшөмбү күнү жергиликтүү англис Jakarta Globe гезити кабарлады.