Катардын премьер-министри ушул аптада БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Дохага жасалган кол салууну Газа тилкесинде ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн саботаж кылуу аракети катары сыпаттап, Израилдин кол салуулары бир гана Катарды эмес, тынчтыкка жетишүү үчүн аракет кылган ар бир өлкөнү бутага алганын белгиледи.
“Мындай чабуулдардын улантылышы Катарды гана бутага албайт. Тынчтыкка жетүү үчүн аракет кылган ар бир мамлекетке коркунуч жаратып, Бириккен Улуттар Уюмуна болгон ишенимди солгундатат,” – деди Шейх Мухаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль-Тани.
Израилдин ушул аптанын башында Дохада Хамастын сүйлөшүүчүлөрүнө кол салганына токтолгон Аль Тани: "Бул кол салуу БУУга мүчө мамлекеттин эгемендигин бузуу болуп саналат. Тынчтыкка ишенген мамлекеттердин цивилизациялуу жүрүм-турумуна каршы келет" деди.
Чабуулдун натыйжасында ХАМАС тобунун беш мүчөсү жана катарлык бир коопсуздук кызматкери каза тапты. Бул окуя топ АКШ колдогон ок атышууну токтотуу сунушун талкуулап жаткан учурда болду.
Шейх Мeхаммед кол салуу Израилдин “аймакты күч менен өзгөртүүгө аракет кылып жатканын” жана өз аракеттерин актоо үчүн “фундаменталист идеяларды” колдонуп жатканын ачык көрсөткөнүн айтты. "Бул чабуулду жасаган израилдик өкүлдөрдү кантип коноктой алабыз? Башка мамлекеттердин ортомчуга ушундай жол менен кол салганын уктуңуз беле?" — деп сурады.
Ортомчулукка бекем туруу
Катар лидери Доханын ортомчулукка жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө берилгендигин баса белгилеп, бирок өзүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө жол бербей турганын эскертти.
Аль Тани Израилдин жетекчилигин “канкор экстремисттер” деп атады жана алар Газада геноцид жүргүзүп, жалпы аймакты туруксуздаштырып жатканын айтты. Тынчтык дароо ок атышууну токтотууну, туткундарды бошотууну, Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү жана эки мамлекеттүү чечимди талап кылганын билдирди.
Ошол эле жыйында сөз сүйлөгөн Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади Израилди “күнөөсүз адамдардын канына чыланган мыйзамсыз өкмөт” деп атап, өлкө Газа калкын ачарчылыкка дуушар кылып, эгемендүүлүктү жана эл аралык мыйзамдарды системалуу түрдө бузуп жатканын айтты.
Сафади эл аралык коомчулукту Израилдин «текебердигин» токтотуу жана аймакты анын «катастрофалык аракеттеринен» коргоо үчүн «дароо жана натыйжалуу» чараларды көрүүгө чакырды.
Доха 2012-жылдан бери Вашингтон жана Тель-Авивдин өтүнүчү менен ХАМАСтын саясий кеңсесин кабыл алып, Египет менен биргеликте ок атышууну токтотуу демилгелеринде бир нече жолу ортомчулук кылып келген. Израилдин чабуулу бул аракеттерге көлөкө түшүрсө да Катар өз милдеттенмелерин улантарын убада кылды.