«Согушта каза болгон 648 украиналык бала үчүн көрсөткөн сезимталдыкты, эки жылдын ичинде 18 миңи балдар болгон 62 миң бейкүнөө жаран мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Газа үчүн дагы күчтүү түрдө көрсөтөсүңөр деп ишенем»,- деди.
"Израилдин премьер-министри Нетаньяхуга Газадагы гуманитардык кризисти токтотуу боюнча күчтүү чакырыгыңызды камтыган кат жөнөтүү абдан маанилүү болмок. Дүйнө жамааттык ойгонууну баштан кечирип, Палестинаны таануу глобалдык эркке айланган ушул күндөрдө, Газанын атынан сиздин чакырыгыңыз да Палестин элинин алдындагы жоопкерчилиги болот деп ишенем».
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка кат жолдоп, Украинадагы согушка кандай мамиле кылса, Газадагы гуманитардык кризиске да ошондой сезимталдыкты көрсөтүүгө чакырды.
Эмине Эрдоган Мелания Трампты чын жүрөктөн боорукердик жана урматтоо менен кайрылып баштаган катында, Мелания Трамптын Вашингтондогу Ак үйдө жолугушуусунда болгон чын жүрөктөн сүйлөшүүсү жана жагымдуу коноктоосу алты жыл өтсө дагы эле эсинде сакталып турганын белгиледи.
Эмине Эрдоган Трамптын жеке кечки тамак учурундагы билдирүүлөрү жана бакчада сейилдөөлөрү актуалдуу темаларга карата сезимталдыкты көрсөткөнүн, бул сезимталдыкты Мелания Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путинге жазган акыркы катында да көргөнүн айтты.
«Украинадагы жетим балдарга көрсөткөн аяр мамилеңиз жүрөктөргө үмүт жараткан демилге».
Трамптын катынын жалпы адамзаттык сезимди чагылдырганына ишенгенин жана бул баалуу позицияны баалай турганын белгилеген Эмине Эрдоган:
«Сиз да катыңызда белгилегендей, балдардын мээримдүү жана коопсуз чөйрөдө чоңоюу укугу универсалдуу жана талашсыз укук. Ал эми бул укук эч кандай географиялык, расалык, этникалык өзгөчөлүк, диний топ же идеологиянын артыкчылыгы эмес. Ошондуктан бул укуктан ажыраган эзилгендер менен бирге болуу, биринчи кезекте, адамзат үй-бүлөсүнүн алдындагы жоопкерчиликти орундатуу болот деп эсептейм. Бул контекстте лидердин жубайы катары, Украинадагы согуштун кыйраткыч кесепеттери астында талкаланган үй-бүлөлөргө жана жетим калган балдарга көрсөткөн аяр мамилеңиз, жүрөктөргө үмүт жандырган демилге болуп саналат. «Үнсүз күлүүгө аргасыз болгон» украиналык балдардын кубанычтуу жылмаюуларын кайра алып келүү өтүнүчүңүз терең мааниге ээ. Согушта өмүрүнөн ажыраган 648 украиналык балдар үчүн көрсөткөн маанилүү сезимталдыңыгыңыды эки жылдын ичинде 18 миңи балдар болгон 62 миң бейкүнөө жараны мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Газа үчүн да күчтүү түрдө билдире турганыңызга ишенем.
«Белгисиз жоокер» деген сөздү бир күнү балдарга да колдонобуз деп ойлодуңуз беле?
Эмине Эрдоган Газанын болуп көрбөгөндөй ырайымсыздыктын жана заманыбыздын эң азаптуу геноцидинин сахнасы болгонун баса белгилеген катында: «БУУнун Балдар фонду ар бир 45 мүнөт сайын бир бала өлтүрүлгөн Газанын жер бетин балдар үчүн «тозокко», жер астын болсо «балдар көрүстөнүнө» салыштырган. «Белгисиз жоокер» деген сөздү бир күнү балдарга да колдонобуз деп ойлодуңуз беле? Артында эч кими калбаган, аты-жөнүн аныктай албаган миңдеген газалык балдардын кепинине жазылган «белгисиз ымыркай» деген сөздөр абийирибизде оңдолгус жара калтырып жатат. Терең психологиялык травмага дуушар болгон, кантип күлөөрүн унуткан бул балдар өздөрүнө берилген микрофондордо өлгүсү келгенин кыйкырып, күнөөсүз жүрөктөрүндө көтөрө албаган согуштун чарчоосун алып жүрүшөт. Газада тарых жетим калган кичинекей балдар башынан өткөргөн сөз менен түшүндүрүлгүс кайгы жана коркконунан чачы агарган балдар тууралуу жазылууда»,-деп жазды.
«Газа үчүн Нетаньяхуга кат жөнөт» чакырыгы
Эмине Эрдоган, күлкүсү басылган Украинанын балдары гана эмес, Палестинанын балдары да ушундай кубанычка, бирдей эркиндикке жана ардактуу келечекке татыктуу экенин айтты. Ал: «Эгер Израилдин премьер-министри Нетаньяхуга да Газадагы гуманитардык кризисти токтотуу боюнча күчтүү чакырыгыңызды камтыган кат жөнөтсөңүз, бул абдан маанилүү болмок. Дүйнө жамааттык ойгонууну баштан кечирип жаткан жана Палестинаны таануу глобалдык эркке айланган ушул күндөрдө, Газанын атынан сизден жасалган чакырык да Палестина элине карата тарыхый жоопкерчиликтин билдирүүсү болооруна ишенем»,-деди.
«Биз бурмаланган тартипке каршы үнүбүздү жана күчүбүздү бириктиришибиз керек»
Палестинадагы окуяларды геноцидден да жаман деп эсептеп, ар кимдин жана бардыгынын тандалган бир нече адамдын жыргалчылыгы жана ырахаты үчүн нарксыздандырышы мүмкүн болгон ээнбаштык менен түзүлгөн эл аралык системанын таңуулоосу катары баалаган Эмине Эрдоган, дүйнөнүн кээ бир бөлүктөрүндө балдардын өмүрүн башкаларга караганда алда канча төмөн түшүргөн бул бузук тартипке каршы бардыгын үнүн жана күчүн бириктирүүгө чакырды.
Эмине Эрдоган, эл аралык укуктун дискредитацияланган эрежелерин жана жалпы адамдык баалуулуктарды коргоо жана жалпы принциптердин айланасында биригүү милдеттемелерин баса белгилеп:
"Ошондо гана биз ушул мыкаачылыктын алдында күндөн-күнгө үмүтүн үзүп жаткан келечек муундардын үмүтүн актай алабыз. Ошондо гана күлкүсү тыйылган балдарга кубаныч тартуулоо, бүткүл дүйнөдө туруктуу жана ырааттуу тынчтык орнотуу мүмкүндүгү жөнүндө сөз кыла алабыз. Сиздин катыңыздагы сезимдерди эне, аял жана адам катары терең бөлүшөм, мен сиздердин жолдогон катыңызга терең ишенүү менен ошондой эле үмүттү Газанын тынчтыкты жана бейпилдикти эңсеген балдары үчүн да жандырууңузду каалайм. 335 ок менен өлтүрүлгөн 6 жаштагы Хинд Режеп, чоң атасы жылмайган көздөрүнөн өпкүлөп коштошкон 3 жаштагы Рим сыяктуу биз жоготкон 18 миң 885 газалык бөбөк жана балдар үчүн өтө кеч. Бирок бизде аман калган 1 миллиондон ашуун газалык балдар үчүн дагы эле мүмкүнчүлүк бар. Алар үчүн убакыт келди».