Түркиянын коргонуу системасынын бир бөлүгү болгон, жогорку ылдамдыктагы буталар үчүн учкучсуз учуучу аппарат – Шимшек ийгиликтүү сыноодон өттү, деп билдирди өлкөнүн коргонуу тармагындагы жогорку даражалуу кызматкери.
Түркиянын Коргонуу өнөр жайы катчылыгынын башчысы Халук Гөргүн NSosyal платформасында: “Ракета жардамы менен учуруу системасы (RATO) аркылуу Шимшек биринчи жолу жерден учурулуп, буталык учак жана камикадзе миссияларында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”,- деп билдирди.
“Биздин коргонуу өнөр жайыбыз дагы бир маанилүү мүмкүнчүлүктү өзүнүн арсеналына кошту,” – деп жазды ал.
Гөргүн: “Бул кадам толугу менен улуттук мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан технологиялардын конкреттүү далили болуп саналат, Түркиянын операциялык ийкемдүүлүгүн жогорулатып, анын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдейт”, -деп белгиледи.
“Биз келечектеги коргонуу муктаждыктары үчүн инновациялык чечимдерди өндүрүү боюнча берилгендигибиз менен жолубузду улантып жатабыз,” – деп кошумчалады ал.
Ошондой эле ал Шимшекти иштеп чыккан Түрк Аэрокосмос өнөр жайы (TUSAŞ) компаниясына ыраазычылык билдирди.