Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойт президент Владимир Путин тарабынан расмий түрдө кызматтан алынгандан бир нече саат өткөндөн кийин өз жанын кыйганы тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Комитет дүйшөмбү күнү Старовойттун сөөгү Москванын четиндеги аймакта табылганын, анын өлүмүнүн негизги себеби катары "өзүн-өзү өлтүрүү" каралып жатканын айтты. 53 жаштагы Старовойт өткөн жылдын май айынан бери Орусиянын транспорт министри болуп иштеп келген.
Буга чейин ал Курск облусунун губернатору болуп иштеген, ал жерде Орусия украиналык чабуулдарга каршы күрөш жүргүзгөн. "Бүгүн, мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун сөөгү Одницово районундагы жеке унаасында ок тийген абалда табылды", - деп Тергөө комитети билдирүү таратты.
Тергөө комитети:"Негизги версия – өзүн-өзү өлтүрүү", - деп кошумчалады. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жана жаңылыктар агенттиктери Старовойт өзүн атып салганын билдиришти. Старовойттун так качан каза болгону белгисиз. Бир нече саат мурун Кремль Путиндин Старовойтту кызматтан алуу тууралуу жарлыгы жарыяланган.
Жарлыкта: "Роман Старовойт транспорт министри кызматынан бошотулду" деп гана жазылган. Старовойттун кызматтан алынышы украиналык учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарынан кийин Орусиянын аэропортторундагы саякат башаламандыгынан улам болгон деген божомолдор айтылууда. Ошондой эле мамлекеттик маалымат каражаттары Курск облусундагы коррупция жана чек ара аймагындагы бекемдөөлөр үчүн бөлүнгөн каражаттарды кымырып алуу боюнча кылмыш иши болушу мүмкүн экенин белгилешти.
Старовойттун өлүмү тууралуу маалымат чыга электе, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анын кызматтан алынышы "ишенимдин жоголушуна байланыштуу эмес" экенин айткан.
Кремль Старовойтту кызматтан алуу тууралуу жарыялагандан көп өтпөй, Путин анын орун басарларынын бири Андрей Никитин менен жолугуп, аны транспорт министринин милдетин аткаруучу кылып дайындады.