Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган Газа каты эл аралык басма сөздө кеңири орун алды.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка Газадагы гуманитардык кризиске байланыштуу жөнөткөн каты эл аралык басма сөздө кеңири орун алды.
Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Газадагы гуманитардык кризиске да Украинадагы согушка кылганы сыяктуу кылдат мамиле жасоого чакырган каты дүйнөнүн көп сандаган маалымат агенттиктери жана маалымат сайттарында башкы темага айланды.
- Улуу Британия
Британиялык Би-Би-Си телерадиокомпаниясы Эмине Эрдогандын катын болжол менен 50 миллионго жакын жолдоочусу бар АКШда жайгашкан X компаниясынын социалдык медиа платформасында жана 29,4 миллион кишиге жеткен АКШда жайгашкан Instagram аккаунтунда бөлүштү.
Би-Би-Синин интернет сайтындагы кат тууралуу кабарында «Түркиянын биринчи айымынын Газа балдары үчүн Мелания Трампка чакырыгы» деген баш сөз орун алды.
Катта «Бул адилетсиздикке каршы үнүбүздү жана күчүбүздү бириктиришибиз керек» деген сөзгө көңүл бурулган катта Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Газада азап чеккен балдар үчүн ачык айтууга үндөгөнү белгиленди.
Телеграф гезити да кат Мелания Трампты Газадагы тынчтык аракеттерине тартууну максат кылганын жазды.
Маалыматта Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын катында Газадагы балдарды куткарууга чакырганы белгиленген.
Рейтер агенттиги кат тууралуу кабарында «Түркиянын биринчи айымы Мелания Трампты Газа боюнча сөз сүйлөөгө үндөдү» деген баш сөздү да колдонгон.
Кабарда Эмине Эрдогандын катына Мелания Трамптын Украина жана Орусиядагы балдарга байланыштуу ушул айдын башында Орусиянын президенти Владимир Путинге жиберген катынан шыктанганын айтканы да белгиленген.
Британиянын Sky News каналы да Түркиянын биринчи айымы Мелания Трампка кат жазып, согуштан жапа чеккен украиналык балдарга кандай кам көрсө, Газадагы балдарга да ошондой камкордук көрүүсүн суранганын билдирди.
Кабарда Эмине Эрдогандын катында Мелания Трамптын кагылышууда каза болгон 648 украиналык балага боорукердигин эске салып, Газанын балдары үчүн да ошондой аракетти жасоого чакырганы белгиленген.
- Франция
Франциянын Le Point журналы «Үнүбүздү бириктиришибиз керек: Эмине Эрдоган Мелания Трампты Газа балдарына колдоо көрсөтүүгө чакырды» деген кабарында Эрдогандын Трамптан Газадагы балдардын абалы тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуусун суранганын белгилеген.
Кабарда Эрдогандын Трампка бул чакырыгын Газадагы ачарчылыкка басым жасаган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчетунун жарыяланышынан кийин жасаганы жана «Украиналык балдарга көрсөтүлгөн камкордуктун Газа үчүн да көрсөтүлүшүн талап кылганы» белгиленди.
Франциянын 20 мүнөтү гезити «Газа: Эмине Эрдоган Мелания Трампты ачка калган палестиналык балдар үчүн чакырды» аттуу кабарында Эрдогандын Газада эки жылда 18 миң баланын өлүмүнө көңүл бурганын, Трамптын Нетаньяхудан «Газадагы гуманитардык кризисти токтотуу» үчүн кат жөнөтүшүн суранганын, бул Палестина элине карата эң жоопкерчиликтүү учур экенин эскерткенин белгилеген.
Франциянын «Ле Фигаро» гезити «Эне, аял жана адам катары: Эмине Эрдоган Мелания Трампты Газадагы балдардын укуктарын коргоого чакырды» деген кабарында: «Эне, аял жана адам катары сиздин катыңыздагы пикирлерди терең бөлүшөм. Газадагы тынчтык жана туруктуулукту көздөгөн балдары үчүн да ушундай үмүттү өрчүтөсүз деп үмүттөнөм»,деген сөздөрүнө орун берген.
- Германия
Немис онлайн маалымат порталы NTV «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка эмоционалдуу кат жазды» деген кабарында төмөнкүдөй сөздөргө орун берди:
«Түрк президентинин жубайы Эмине Эрдоган украиналык балдарга кылгандай эле Мелания Трамптан Газа тилкесиндеги палестиналык балдардын атынан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуусун суранды. Түрк президенттиги тарабынан жарыяланган АКШ президентинин жубайына жазган катында Эмине Эрдоган: «Сиздердин Украинадагы согушта каза болгон 648 балдарга көрсөткөн мээримиңиздин, 18 миңи бала болгон 62 миң бейкүнөө жарандын эки жылга жетпеген убакытта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Газа тилкесине да чагылдырыла турганына ишенем»,деген сөздөрүнө орун берген.
Германиянын «Der Spiegel» журналы «Эмине Эрдоган Мелания Трампка кат жазды» деген макаласын жарыялады. Анда төмөнкүдөй билдирүүлөр камтылган: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Мелания Трампка кат жазды. Катта ал Газадагы балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырды. Газадагы миңдеген балдардын кепинине түшүрүлгөн «белгисиз ымыркай» деген сөздүн «биздин абийирибизге орду толгус жараларды ачканын» белгилеген Эрдоган: «Согушта каза болгон 648 украиналык балага көрсөткөн олуттуу боорукердигиңиз Газа тилкесинде да чагылдырыла турганына ишенем» деген сөздөрдү жазды» деген.
- Болгария
Болгариянын мамлекеттик маалымат агенттиги BTA тарабынан жарыяланган кабарга таянып, өлкөнүн эң ири жеке менчик телеканалы bTV, «Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Олена Зеленскадан кийин Эмине Эрдоган Мелания Трампка да кат жазды: «Газага да ушундай боорукердик көрсөткүлө» деген кабарын жарыялады.
bTV кабарында: «Түркиянын биринчи айымы Мелания Трамптан Израилдин премьер-министрине Газадагы гуманитардык кризисти токтотууга чакыруусун суранды» деп берди.
Болгариялык "Дневник" интернет гезити да БТАнын билдирүүсүн комментарийсиз пайдаланган. Эмине Эрдогандын катына байланыштуу социалдык тармактардагы билдирүүлөр Анадолу агенттигинин тиешелүү кабарына таянып жазылды.
- Греция
Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган каты Греция басма сөзүндө да кеңири орун алды.
«То Вима» гезити «Эмине Эрдогандын Меланиядан өтүнүчү» аттуу кабарында Эрдогандын Меланиядан украиналык балдарга кандай сезимталдык көрсөтсө, палестиналык балдар үчүн да ошондой сезимталдыкты көрсөтүүсүн суранганын баса белгилеген.
«EFSYN» гезити «Газада геноцид жана кандуу кол салуулар болуп жаткан кезде Эрдоган Меланияга Газадагы балдар тууралуу кат жөнөттү»,-деп жазды.
«Катимерини» гезити бул темага байланыштуу макаласында Эмине Эрдогандын Газадагы балдардын абалын билдирген Меланиядан Газадагы балдар үчүн кийлигишүүсүн суранганын билдирген.
- Швейцария
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка Украинадагы согушта кандай сезимталдыкты көрсөтсө, Газадагы гуманитардык кризиске карата да сезимталдыкты көрсөтүүгө чакырган каты Швейцария басма сөзүндө кеңири орун алды.
Swissinfo интернет сайты «Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Газада «өлтүрүлгөн» 18 миңден ашуун бала тууралуу Мелания Трампка кайрылды» деген баш сөз менен кабарлады.
Кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трамптан Орусия менен болгон согуштун натыйжасында Украинада каза болгон балдар үчүн болгон сыяктуу Газада «ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн» 18 миңден ашуун палестиналык бала үчүн тынчсыздануусун билдирүүсүн суранганы белгиленген.
Швейцариянын жалгыз улуттук гезити Blick : «Эмине Эрдоган Мелания Трамптан Газанын балдары үчүн жардам сурады» деген баш сөз менен кабарлады.
Кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Газа тилкесиндеги балдар үчүн ачык айтууга чакырганы белгиленди.
Француз тилдүү «20 Минутен» гезити «Кымбатуу Эрдоган Газадагы балдардын атынан кымбаттуу Трампка кайрылды» деген баш сөздү тандады.
Кабарда : «Түркиянын биринчи айымы америкалык кесиптешин Владимир Путинге кылгандай, Беньямин Нетаньяхуга да «тынчтык» катын жеткирүүгө чакырды.
Эмине Эрдоган да: «Эне, аял жана адам катары катыңызда айткан сезимдериңизди чын дилимден бөлүшөм, тынчтыкты жана бейпилдикти эңсеген Газа балдарына дагы ушундай үмүттү бере аласыз деп үмүттөнөм»,-деди.
-Бельгия
Бельгиянын француз тилдүү «La Libre» гезити «Belga» расмий маалымат агенттигине шилтеме берген кабарында Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган катында Газадагы балдар үчүн Нетаньяхуга кайрылуусун суранганын жазган. Маалыматка ылайык, Эрдоган Мелания Трамптын Украинадагы согушта каза болгон балдар үчүн мурда көрсөткөн сезимталдыкты эске салып, Газа үчүн да ушундай эле гуманитардык үн чыгышын суранды.
Кабарда Эрдогандын : «Украинада каза болгон 648 балага көрсөткөн сезимталдыгыңыз Газада эки жылдан аз убакыт ичинде каза болгон 18 миңи бала болгон 62 миң жаран үчүн да жарактуу болот деп үмүттөнөм»,-дегени билдирилди.
БУУнун Газада расмий түрдө ачарчылык жарыялаганын эске салган Эмине Эрдоган, Мелания Трамптын Газа калкынын атынан тарыхый жоопкерчиликти ала ала турганын баса белгилегенин маалымдаган.
Бельгиянын фламанд тилиндеги коомдук телеканалы VRT да Белга агенттигине таянган кабарында : «Эмине Эрдоган Газа тууралуу Мелания Трампка кат жазды: «Бул жер балдардын көрүстөнүнө айланды» деген тема менен берди.
Кабарда : «Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Украинадагы балдар тууралуу сөз кылгандан кийин америкалык кесиптеши Мелания Трамптан Газа тилкесиндеги балдардын азап чегип жатканын да айтуусун суранууда. Ал катында бул маселени көтөрүүдө. Көңүл буруучу эмеспи? Эмине Эрдоган (Газа маселеси боюнча) үнүн тез-тез чыгарат» деген сөздөр орун алган.
Макала катты да толугу менен камтыган.
- Чехия
Чехиянын «Блеск» гезити да «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка Газадагы балдар тууралуу кат жазды» деген баш сөз менен кабарлады.
Кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трамптын украиналык балдарга болгон аяр мамилесин мактап, украиналык балдарга кандай кам көрсө, Газадагы балдарга да ошондой камкордук көрүүгө чакырганы белгиленди.
- Босния-Герцеговина, Сербия жана Черногория
Босния-Герцеговинанын эң көп окулган кабар порталдарынын бири болгон «Klix», Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган Газа катына кенен орун берип, «Биринчи айымдардын» байланышы» деген баш сөз койгон.
Өлкөнүн эң көп окулган гезити «Дневни Аваз» маалымат сайты да Эмине Эрдоганга басым жасап, Эрдогандын Газадагы гуманитардык кризисти сүрөттөгөн кат жазып, аны Мелания Трампка жөнөткөнүн билдирди.
Сербиянын Танжуг маалымат агенттиги да Эмине Эрдогандын Газа катына кеңири орун берди.
Сербиянын эң көп окулган кабар порталдарынын бири «Blic» да «Эмине Эрдоган Мелания Трамптан Газадагы балдар тууралуу ойлонуусун суранды» деген баш сөз менен берип «Эмине Эрдоган Путинге жазгандай Меланья Трамптан Нетаньяхуга кат жазышын суранды» деген маалыматка орун берди.
Черногориянын эң көп окулган кабар порталдарынан «CDM» да Эмине Эрдогандын Мелания Трамптан Газадагы балдар тууралуу ойлонуусун суранганын баса белгиледи.
- Австралия
Австралияда жайгашкан «9news» кабар сайты «Эмине Эрдоган Мелания Трампты Газанын балдары тууралуу сөз кылууга үндөдү» деген баш сөз менен кабарлады.
Кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Украинадагы согуш үчүн кандай сезимталдыкты көрсөтсө Газадагы гуманитардык кризис үчүн да көрсөтүүгө чакырганы жана каттын мазмунуна кеңири орун берилгени белгиленди.
- Малайзия, Сингапур жана Бангладеш
Малайзияда жайгашкан «Free Malaysia Today» маалымат сайты Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Газадагы балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырганын жазган.
Кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаяхуга Газадагы гуманитардык кризисти токтотууга чакырган кат жөнөтүшүн талап кылганы билдирилди.
Эмине Эрдогандын: «Эне, аял жана адам катары катыңыздагы сезимдерди терең бөлүшөм, тынчтык жана бейпилдикке суусаган Газа балдары үчүн дагы ушундай үмүттү өөрчүтөсүз деген үмүттөмүн»,-деген сөөдөрүнө орун берген баяндамада Бириккен Улуттар Уюмунун Газада ачарчылык жарыялоосуна да басым жасалды.
Сингапурда жайгашкан «The Straits Times» кабар сайты да башкы макаласында Эмине Эрдогандын Мелания Трампка Газадагы балдарга колдоо көрсөтүү чакырыгына орун берди.
Баяндамада БУУнун Газада ачарчылык жарыялоосуна көңүл бурулуп: «Эмине Эрдоган Палестинанын дүйнөлүк деңгээлде таанылышын баса белгилеп, Мелания Трамптын чакырыгынын тарыхый миссия болорун ишарат кылды»,-деди.
Бангладештин расмий маалымат агенттиги Bangladesh Sangbad Sangstha (BSS) каттын чоо-жайын «Эрдогандын жубайы (Эмине Эрдоган) Мелания Трампты Газанын балдары үчүн сүйлөөгө үндөдү» деген кабарында билдирди.
Кабарда Эмине Эрдогандын катында: «Согушта каза болгон 648 украиналык балага көрсөткөн сезимталдыкты 18 миңи балдар болгон 62 миң бейкүнөө жарандын эки жылдан бери мыкаачылык менен кыргынга учураган Газага дагы да күчтүү түрдө көрсөтөрүңөргө ишенем»,-деген сөздөрү орун алды.
- Пакистан, Индия жана Япония
Пакистандык «Dawn» гезити Эмине Эрдогандын Мелания Трампка Газа тууралуу сөз кылуу чакырыгын баш макаласында басты. Кабарда Эмине Эрдогандын катында Мелания Трамптын Украина жана Орусиядагы балдарга байланыштуу Владимир Путинге жиберген катына токтолгону белгиленди.
Кабарда Эмине Эрдогандын: «Дүйнө орток ойгонууну баштан кечирип, Палестинанын таанылышы глобалдык эркке айланган бул күндөрдө Газанын атынан сизден бир кайрылуунун да Палестина калкына болгон тарыхый жоопкерчиликтин аткарылышы болот деп ишенем»,-деген сөзү орун алды.
Индияда жайгашкан «Times of India» маалымат сайты «Газанын балдары үчүн да сүйлө: Түрк биринчи айымы Путинге кат жөнөткөн Мелания Трампка кат жазды» деген баш сөздү пайдаланды.
Каттын чоо-жайы жазылган кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Украина үчүн кандай сезимталдыкты көрсөтсө, Газа үчүн да ошондой сезимталдыкты көрсөтүүгө чакырганы белгиленди.
Японияда жайгашкан «Japan Today» маалымат сайты да Эмине Эрдогандын Мелания Трампка кайрылуусу тууралуу маалымат берди.
- Катар
Эмине Эрдогандын каты Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарында да кеңири чагылдырылды.
Катарда жайгашкан Al Jazeera, Al Jazeera Mubasher жана Al Jazeera Arabic каналдары Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган катына кеңири орун берди.
«Түркиянын президенти Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандан Мелания Трампка: Газадагы балдар үчүн үнүңдү көтөр» деген кабарда Эрдогандын Мелания Трампка Украинадагы балдарга көрсөткөн сезимталдыгын Газада жашаган балдар үчүн да көрсөтүүгө чакырганын билдирген.
Катардын алдыңкы гезити «Аль-Араби аль-Жадид» да кабарды «Эмине Эрдогандын Газа үчүн Мелания Трампка чакырыгы» деген ат менен жарыялады. Кабарда Эрдогандын Израилдин кол салуулары жана блокадалары астында аман калуу үчүн күрөшкөн балдарга көңүл бурганы белгиленди.
- Сауд Арабиясы
Борбору Улуу Британияда жайгашкан араб тилдүү «Ашарк аль-Авсат» гезити Эмине Эрдогандын жазган катын «Түркиянын президентинин жубайы Газадагы балдар үчүн Трамптын жубайына кайрылды» деген ат менен жарык көрдү. Макалада Эрдогандын Газадагы гуманитардык кризиске көңүл бургандыгы баса белгиленди.
-Бириккен Араб Эмирликтери
Бириккен Араб Эмирликтеринде жайгашкан «Sky News Arabia» телеканалы катты «Эмине Эрдоган Газадагы балдарга көңүл бурууга чакырды» деген ат менен кабарлады. Телеканал Мелания Трамптын Украинадагы балдарга көрсөткөн сезимталдыктын Газадагы балдарга да жарактуу болушу керектиги жөнүндө айткан катындагыларга басым жасады.
- Израиль
Израилдеги «Маарив» гезити Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган катын «Эрдогандын жубайынан Ак үйдөгү президенттин жубайына: Нетаньяхуга басым жаса» деген макала менен окурмандарына тартуулады.
Макалада Эмине Эрдогандын Мелания Трамптан Газадагы балдардын атынан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга кысым көрсөтүүсүн суранганы белгиленген.
Эрдогандын Мелания Трамптан Орусиянын президенти Владимир Путинге ушул айдын башында Украина жана Орусиядагы балдар үчүн жасаган кайрылуусун кайталоосун суранганы белгиленген кабарда, каттагы: «Сиздин 648 украиналык балага көрсөткөн олуттуу сезимталдыгыңыз Газада да чагылдырылат деп ишенем» деген сөздөр камтылган.
Эмине Эрдоган катында : «Дүйнө жамааттык ойгонууну баштан кечирип жаткан жана Палестинанын таанылышы глобалдык каалоого айланган бул күндөрдө, Газанын атынан сиздин чакырыгыңыз Палестина калкына карата тарыхый жоопкерчиликтин аткарылышы болот деп ишенем»,-деп жазганына орун берилди.
Ошол эле учурда «Yedioth Ahronot» гезити «Путинге кат, Эрдогандын жубайынан Меланияга өтүнүч: Нетаньяхуга да кат жөнөт» деген макаласында Эмине Эрдогандын Мелания Трамптан Орусиянын президентине жазган катында болгондой Газадагы балдардын атынан Нетаньяхуга кайрылуусун суранганын белгилеген.
Макалада ошондой эле каттын «Жоготкондор үчүн өтө кеч, бирок артында калган миллиондон ашык адам үчүн дагы деле мүмкүнчүлүк бар» деген билдирүү камтылган.
- Палестина
Палестинанын «Alkuds Alarabi», «Quds al-Ihbariyye», «Shehab Agency» жана «Alhadath» гезиттери Эмине Эрдогандын каты тууралуу кенен маалымат беришти. Кабарларда Эрдогандын «Газада балдардын эң жөнөкөй укуктарынан да ажырап жатканын» баса белгилегенине көңүл бурулду.
- Египет
Египетте жайгашкан «AlGhad» телеканалы катты «Түрк президентинин жубайы Мелания Трампка: Газадагы балдар үчүн да чара көргүлө» деген тема менен көрсөттү.
- Ливан
Ливандын расмий маалымат агенттиги NNA интернет сайтында Эмине Эрдогандын катына орун берди.
«Эмине Эрдоган Мелания Трампты Газадагы балдар тууралуу билдирүү жасоого үндөдү» аттуу кабарда Эрдогандын Украинадагы балдарга карата көрсөткөн сезимталдыкты эске салып, Израиль армиясынын блокадасы астында Газада согуш учурунда жашаган балдарга да ошондой сезимталдыкты көрсөтүүгө чакырган билдирүүлөр орун алды.
Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган каты Ливан басма сөзүндө MTV каналынын интернет сайтында жарыяланды.
MTV Эрдогандын катын «Эрдогандын жубайы Трамптын жубайына: Газадагы балдарга да ушундай үмүттү бересиз деп үмүттөнөм» деген тема менен чыгарды.
MTV телеканалы Эрдогандын Трампты украиналык балдарга берген билдирүүсүн Газадагы палестиналык балдарга да берүүгө чакырганын билдирген.
Ливандын алдыңкы маалымат сайты «Lebanon Debate» да Эрдогандын катын «Газадагы балдарга да ушундай сезимталдыкты көрсөткүлө» деген ат менен жарыялады. Кабарда Эрдогандын гуманитардык кайрылуусуна басым жасалды.
- Марокко
Марокконун «Истиклал» гезити катты «Түрк президентинин жубайы Трамптын жубайына Газа билдирүүсүн жөнөттү» деген темада жазган. Кабарда Эрдогандын Газада балдардын туш болгон кыйынчылыктарына токтолгону белгиленди.
- Иран
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Газадагы абалды көрмөксөнгө салып, Украинадагы согуштан жабыркаган балдарды сөз кылган АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка жазган каты Ирандын расмий жана жарым расмий маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды.
Бул темага байланыштуу өлкөнүн маалымат каражаттарында орун алган кабарларда жалпысынан Эмине Эрдогандын Меланияга Украинадагыдай Газадагы гуманитардык кризиске карата да сезимталдыкты эскерткени көрсөтүлдү.
Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA Эмине Эрдогандын Мелания Трампка жазган катын «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка: «Газалык балдар украиналык балдардай бакытка татыктуу» деген баш сөз менен жарыялады.
Кабарда : «Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка жолдонгон расмий катында Украинадагы гуманитардык кризиске жана бул өлкөнүн балдарына кандай мамиле кылса, Газадагы оор абалга жана палестиналык балдарга да ошондой боорукердик жана сезимталдыкты көрсөтүүсүн суранды» деген сөздөргө орун берди.
Эрдогандын каты тууралуу кеңири маалымат берилген кабарда Эмине Эрдогандын Меланияга : «Газада каза болгон 18 миң 885 бала жана ымыркайдын тагдырына карата чара көрүү үчүн өтө кеч, бирок аман калган бир миллиондон ашуун газалык баланы сактап калуу мүмкүнчүлүгү дагы эле бар»,- деп чакырганы баса белгиленди.
Өлкөнүн эң түптүү гезиттеринин бири болгон «Иттилаат» Эмине Эрдогандын катын «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка: «Газалык балдар украиналык балдардай»» деген темада кенен кабарын жарыялады. Кабарда Түркиянын биринчи айымынын АКШнын биринчи айымын Украинадагыдай эле Газадагы абалга да көңүл бурууга чакырганы белгиленди.
Эмине Эрдогандын каты тууралуу жарым-жартылай расмий Student News Network (SNN) да кабарлады. «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка кат жолдоду: Палестиналык балдардын азап-кайгысына көңүл бургула» деген макалада: «Түркиянын биринчи айымы Мелания Трампка кат жазып, Газадагы гуманитардык абалга Украинадагы согуш учурундагыдай боорукердик көрсөтүүнү суранды» деген сөздөр орун алды.
Жарым расмий Ирандык Студенттер кабар агенттиги (ISNA) да катты «Эмине Эрдогандын Мелания Трампка Газага байланыштуу өтүнүчү» деген темада кабарлады. Эрдогандын катына кеңири орун берген кабарда «Түрк президентинин жубайы АКШ президентинин жубайын Израилдин премьер-министри менен байланышып, Газадагы балдардын абалы боюнча каршылыгын көрсөтүүгө үндөдү» деп берилди.
Мамлекеттик телеберүүгө караштуу Жаш журналисттер клубу (YJC) да интернет баракчасында «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка кат жолдоду: Палестиналык балдардын азап-кайгысына көңүл бургула» деген темада маалымат берди.
- Орусия
Орус маалымат каражаттары президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка Газадагы балдары тууралуу жазган катын кеңири чагылдырды.
Орус ТАСС агенттиги «Эмине Эрдоган Мелания Трампты Газадагы балдардын абалы тууралуу ачык айтууга үндөдү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандан Газадагы балдардын абалы темасын көтөрүүнү суранганын баса белгилеген.
РИА агенттиги «Эрдогандын жубайы Меланья Трамптан Нетаньяхуга кат жазууну суранды» деген темада Эмине Эрдогандын Трамптын жубайынан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхудан 18 миңден ашуун баланын өмүрүн алган Газага кол салууну токтотууга чакыруусун суранганын жазган.
«Коммерсант» гезити Эмине Эрдогандын катын «Эрдогандын жубайы Мелания Трампты Украинанын балдары сыяктуу Газанын балдарына да колдоо көрсөтүүгө үндөдү» деген баш сөз менен кабарлады. Макалада «Эмине Эрдоган Мелания Трампты согуштан жапа чеккен украин балдарына кандай камкордук көрсөтсө, Газа тилкесиндеги балдарга да ошондой камкордук көрүүгө үндөдү» деп берген.
«Известия» гезити «Эмине Эрдоган Мелания Трампты Газадагы балдардын тагдырына кийлигишүүгө үндөдү» деген кабарында Эрдогандын: «Газа тилкесинде аман калууга жетишкен бир миллиондон ашуун бала үчүн дагы деле мүмкүнчүлүгүбүз бар.Убактысы келди»,- дегенин билдирген.
«Россиская газетада» чыккан кабарда Эмине Эрдогандын Мелания Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путинге жазган катынан шыктанганын белгилегени белгиленди.
«Взгляд» гезити да каттын кабарын окурмандары менен бөлүшүп, «Эрдогандын жубайы Мелания Трампка Газадагы балдар маселеси боюнча кайрылды» деп берген. Маалыматта Эмине Эрдогандын Мелания Трампка кат жолдоп, Газадагы балдардын абалына көңүл буруусун жана сөз сүйлөөсүн суранганы белгиленди.
- Азербайжан
Азербайжан медиасы Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка жиберген катын кеңири чагылдырды.
«Qafqazinfo» кабар порталы Эмине Эрдогандын Мелания Трампты Украинадагы согушка карата көрсөткөн сезимталдыкты Газадагы гуманитардык кризиске да чагылдырууга үндөгөнүн жазган.
«Йени Мусават» гезити катта орун алган «648 украиналык балага көрсөткөн мээримиңиздин Газа балдарына да көрсөтүлөөрүнө ишенем. Себеби акыркы эки жылда 62 миң бейкүнөө жаран, анын ичинде 18 миң бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү»,-дегенин алдыңкы планга чыгарды.
«Репорт» маалымат агенттиги Эмине Эрдогандын Мелания Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путинге жазган катынан шыктанганын жазган. Агенттик Эрдогандын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен байланышууга чакырганын да белгилеген.
Азербайжан басмасы Эмине Эрдогандын катын Газадагы балдардын абалына көңүл бурган гуманитардык кайрылуу катары жоромолдоду.
- Казакстан
Казак мамлекеттик маалымат агенттиги «Казинформ» «Эмине Эрдоган Мелания Трампка кат жөнөттү» деген кабарын жарыялады. Кабарда Анадолу агенттигине таянуу менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трампка кат жолдоп, Украинадагы жаңжалга көрсөткөн сезимталдыкты Газадагы гуманитардык кризиске да ошондой көрсөтүүгө үндөгөнүн билдирди.
Кабарда Эмине Эрдогандын катынын сүрөтү да орун алган.