АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен катар Украина да тынчтыкка карай кадам таштабаса, катуу санкцияларга кабылышы мүмкүн экенин эскертти.
Вашингтондо билдирүү жасаган Трамп, Киевдин да күнөөсүз эмес экенин жана төрт жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан кыйратуучу жаңжал үчүн эки тарапты тең айыптады.
НАТО мүчөлөрүнүн Киевдин колдонуусу үчүн АКШдан курал сатып алган келишимге шилтеме кылган Трамп “Зеленский да такыр эле күнөөсүз эмес. Азыр аны менен жакшы мамиледемин, бирок биздин мамилебиз мурдагыдан башкача, анткени азыр биз Украинага акча төлөбөйбүз,” – деди.
“[...] ар апта сайын негизинен жаш адамдар өлүүдө. Эгер мен муну санкциялар аркылуу же жөн эле өзүмдүн аракетим менен, же болбосо Орусия, Украина же кимге болбосун өтө кымбат турган күчтүү тариф системасын колдонуу менен токтото алсам, анда мен муну жасаймын,” – деп кошумчалады Трамп.
Трамп ошондой эле мурунку президент Жо Байденди Украинанын Орусия менен согушка аралашуусуна жол берген деп айыптады.
АКШнын президенти Москва аракетсиз кала берсе, кыйратуучу жаңы соода чектөөлөрүнө алып келе турган "экономикалык согуш" баштоо коркунучун дагы бир жолу кайталап: "Биз жыйынтыкка жетишүүнү каалайбыз. Бизде экономикалык санкциялар бар. Экономикалык чаралар жөнүндө айтып жатам, анткени биз кандайдыр бир дүйнөлүк согушка кирбейбиз,” – деди.
Коопсуздук кепилдиктери
Президент Трамп бир нече жумадан бери Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийди АКШга өз-өзүнчө сапарлары учурунда бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырып келет.
Ошол эле учурда АКШ жана анын европалык өнөктөштөрү Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатышат.
Financial Times гезити европалык жана украин бийликтерине таянып жазганына караганда, Батыш союздаштары ок атышпоо келишими түзүлгөндөн кийин Украинанын коопсуздугун чыңдоо үчүн үч баскычтуу коопсуздук планын даярдап жатышат. Бул чаралар абадан коргонууну колдоо, чалгындоо маалыматтарын бөлүшүү жана согуштан кийин Украинанын коргонуусун бекемдөө үчүн европалык аскерлердин жайгаштырылышын камтууда.