Армениянын тышкы иштер министринин орун басары АКШнын Ак Үйүндө өткөн Азербайжан жана АКШ менен болгон үч тараптуу саммитти “тарыхый” деп атап, Армения-Азербайжан мамилелерин жөнгө салууда бурулуш учур катары баалады жана Түркия менен нормалдашуу үчүн да маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Вахан Костанян Анадолу агенттигине берген маегинде, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана АКШнын президенти Дональд Трамп Ак Үйдө ондогон жылдарга созулган жаңжалды токтотуу боюнча келишимге кол койгондон кийинки күндү “маанилүү этап” деп атады.
Костанян: “Кечээки талкуулар, АКШ менен эки тараптуу жана АКШ, Азербайжан менен үч тараптуу жолугушуулар абдан маанилүү, ал тургай тарыхый болду. “Биз Армения-Азербайжан мамилелерин жөнгө салууда маанилүү этапка жетиштик, ошондой эле Армения-АКШ стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө салым коштук”- деди.
Ал Армения менен АКШнын ортосунда үч негизги өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын белгиледи. Алар Армениянын “Тынчтыктын кесилишинде” долбоорун өнүктүрүү, жасалма интеллект жана жарым өткөргүчтөр боюнча кызматташуу жана энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча болду.
Армения-Азербайжан келишими боюнча ал март айында макулдашылган тынчтык келишими азыркы учурда баштапкы кол коюу этабында экенин баса белгиледи. Ошондой эле ЕККУнун Минск тобун жоюу боюнча катка жана Трамптын катышуусундагы биргелешкен декларацияга кол коюлганын айтты.

Түркия-Армения нормалдашуусу
Костанян Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Армения менен Азербайжандын тынчтык келишимине жетишүүсүн колдогон билдирүүлөрүн мактап, алардын нормалдашуу сүйлөшүүлөрүнө “оң” таасир тийгизгенин айтты.
“Кечээки иш-чара менен биз Түркия менен да жетише ала турган маанилүү этапты жана мүмкүнчүлүктү көрүп жатабыз,” - деди ал. “Бул байланыш долбоору ишке ашуусу мүмкүн жана Армения менен Түркиянын ортосундагы байланыштарды кайра баштоо менен регионалдык жана глобалдык мааниге ээ болушу мүмкүн.”
Ал Анкара Армения өкмөтүнүн “жакшы ниетин” жоопсуз калтырбай, Түркия-Армения чек арасын ачып, дипломатиялык мамилелерди түзөт деп үмүттөнөрүн билдирди.
“Биз регионубуздун туруктуулугу жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дагы бир маанилүү этапка жетише алабыз, бул Армения менен Түркиянын чек арасын ачуу жана дипломатиялык мамилелерди түзүү дегенди билдирет,” - деп кошумчалады ал.
Советтер Союзу кулагандан кийин, Түркия 1991-жылдын 21-сентябрында Армениянын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон, бирок 1993-жылы Армениянын Карабакты басып алуусунан кийин чек арасын жаап, дипломатиялык байланыштарды үзгөн. 2020-жылдагы Карабак согушунан кийин мамилелер жылый баштап, эки тарап тең нормалдашуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн атайын өкүлдөрдү дайындаган.
‘Трамптын тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү жолу’
Жума күнү Ак Үйдөгү саммитте кол коюлган келишимдин негизги компоненттеринин бири Азербайжандын негизги аймагы менен анын Нахчыван автономиялуу республикасын байланыштырган “Трамптын Эл аралык Тынчтык жана Гүлдөп-Өнүгүү Жолу” (TRIPP) деп аталган долбоорду өнүктүрүү болуп саналат.
Костанян декларацияда регионалдык транспорт жана байланыш жолдорун мамлекеттердин эгемендүүлүгү, юрисдикциясы жана аймактык бүтүндүгү астында ачуу каралганын түшүндүрдү.
Ал долбоор Армениянын аймагында Армения жана АКШ тарабынан ишке ашырылып, регионалдык байланыштарды, анын ичинде түштүк Армениядан Нахчыван аркылуу башка аймактарга байланыш түзүүнү камсыз кыла турганын айтты.
Долбоордун негизги принциптери макулдашылганы менен, анын техникалык жана иш деңгээлиндеги талкуулары улантылат деп Костанян белгиледи.